Аялдык сезимби же кандай билбейм, өгөй кызыма ичим тызылдайт...
Мен жолдошумдун экинчи турмушумун. Биринчисинен бир кыз кеткен экен. Ал кыз азыр 17ге чыкты. Апасы менен алыста жашайт. Ушул убакка чейин күйөөм менен көрүшпөптүр. Менин жети балам бар. Жакында ошол кызыбыз айылга келгенин угуп, өзүм кызыбызга барып, баарын түшүндүрүп айттым, “менин балдарым – сенин бир туугандарың” деп. Үйгө ээрчитип келип, балдарым менен тааныштырдым. Жолдошум да, кызыбыз да биринчи жолу жолугушту. Менин жаман оюм жок ал кызга. “Эгер ал кыз ыраазы болбосо, Кудай да бизге ыраазы болбойт го” деген ой бар менде. Өз кызымдай эле кабыл алдым. Балдарым дагы жакшы кабыл алышты. Аялдык сезимби же кандай билбейм, ичим тызылдап, бир нерсе эле болуп жатат. Кандай түшүнөм эмне экенин, “кызгануубу?” деп коём. “Кандай болгон күндө да атасы менен кызын табыштырып койдум” деп ичимден компоюп калдым.
Айдана
"Азия Ньюс" гезити