Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назгүл Турдубекова: “Бизде балдарды коргоо мыйзамдары иштебейт”

Назгүл Турдубекова: “Бизде балдарды коргоо мыйзамдары иштебейт”

07-июнь, 11:50
1 208 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Баланын укуктарын коргоочулар лигасы» коомдук уюмунун директору менен маек.

-- 1-июнь – балдарды коргоо күнү Кыргызстанда өз максатына жетип атабы?

-- Негизи ушундай күндөр болушу керек. Бирок, бул күндү жөн эле майрамдап койбой, маанилүү кылуу шарт. Өзгөчө Кыргызстан үчүн. Себеби, бизде жылдан жылга балдардын укугун коргоо шарттары, программалары, мыйзамдары иштебей келет. Алар азыркы оор кырдаалга жооп бербей атат. Ошон үчүн бул күнү балдарга байланыштуу көйгөйлөрдү көтөрүп, чечкиндүү чараларды карап чыгуу зарыл

-- Балдарды коопсуз чөйрөдө багуу үчүн эмне кылуу керек?

-- Бизде ар бир үйдө ата-энеси миграцияда жүргөн балдар бар. Алар жакшы каралбайт. Ага мониторинг кылган эч ким жок. Эмгек миграциясына көбүнчө алсыз ата-энелер кетет. Ал эми алардын балдары алсыз үй-бүлөдө калууда. Балдарды карамагына алгандар мигрант ата-энеден акча күтүп, өз үй-бүлөсүн да ошонун эсебинен бакканга аракеттенүүдө

Балдарды коопсуз чөйрөдө багыш үчүн баланы көзөмөлгө алган тарап сөзсүз түрдө окутуудан өтүшү керек. Себеби, чоң адамдар тарабынан балдарга карата ар кандай зомбулук кылуу өсүп баратат. Ошондой эле балдарды карай турган атайын социалдык кызматкерлердин болушу дагы шарт.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер