Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бүгүнкү күндө жеке инвестициянын өнүгүшү алдыга өсө албай тайсалдап турат...”

“Бүгүнкү күндө жеке инвестициянын өнүгүшү алдыга өсө албай тайсалдап турат...”

08-сентябрь, 19:20
263 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ишканалар ачылып, бюджет көбөйүп, өкмөт өнүгүп жатканын жар салып келет. Ал эми карапайым элдин жашоосу оңолгон жок го? Каатчылыктын, кымбатчылыктын каары тийип атабы?..

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Ишканалардын ачылганы эң жакшы. Мен мындай нерселерди кубаттайм жана колдойм. Анткени, эмгек ресурстарыбыз иштиктүү болуп жатат, салыктын базасы көбөйүүдө. Элге, өндүрүшкө керек буюмдар чыгып баштаганы жүрөгүмдү жылытты. Алсак, Кеминде цемент чыгарган завод ачылды, Кара-Балтада нефтини кайра иштетүүчү ишкана, мык, кабель чыгарган завод, ГЭСтер жана 100 ишкана, анын ичинде 60 социалдык объектилер, 40 өнөржай ишканалар! Бул эң жакшы процесстер. Эмгек акылардын, пенсиялардын жогорулашы, жөлөк пулдар – булардын баары акыры элдин турмушун айтпасак да оңдойт.

Бирок, өкмөт антимонопольный комитетти иштетиш керек. Жайдын саратанында жер-жемиштин баасы өтө эле жогору. Эмне үчүн? Мындай болбош керек эле. Ошол эле учурда “төңкөрүш жасайбыз” дегендер да аз эмес...

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Мамлекеттин өнүгүп-өсүп аткан көрсөткүчү ИДП (ички дүң продукция) болуп саналат. “Биздин өлкөбүздүн ИДПсы кандай таризде өсүүдө?” деп кайсы бир уюм анализдеп чыккан экен. Мен ошол анализди эки-үч сыйра карап чыктым. Алар жеке сектордогу инвестиция эмес, мамлекеттик инвестициянын үлүшү басымдуу экенин байкашкан. Бул анча жакшы көрүнүш эмес. Анткени, күчтүү мамлекеттердей болуп баарын ошолор жасай берет, жадагалса үйлөрүн куруп берет дегенден алыспыз. Анткен менен андай күчтүү өлкөлөр бар. Мамлекеттик инвестиция менен катар жеке инвестиция үлүшү теңме-тең болгон учурда гана карапайым эл кабатырланбай койсо болмок. Эми караңыз, жанагы эл кубаттап “кустуризация” жүрүп жатканы жеке инвестицияга балта чапкандай көрүнүш болуп атат. Себеби, жеке менчик институтуна карама-каршы иштер катары жеке мүлктөрдү тартып алып, мурун приватташтырганды жокко чыгарып, бизнестерин кандайдыр бир ыкма менен кысып, иштетпей, же болбосо түрмөгө камай коюп ж.б. Муну мен терс көрүнүш катары баалайт элем. Мамлекетте акчанын көлөмү көбөйгөндө, баалар да өсө баштайт. Бул инфляциянын белгиси. Колунда барлар бир аз кооптонгону менен орто жашагандар жакырчылыкка кадам таштайт. Мындайда жакыр жашаган элдин саны өсө баштайт. Бүгүнкү күндө жеке инвестициянын өнүгүшү алдыга өсө албай тайсалдап турат...

Жыпаркул Тургуналиев, коомдук ишмер:

-- Ушул өнүгүүнүн баардыгы президент Садыр Жапаровдун аң-сезиминдеги күчтүү уюштуруучулук жөндөмүнүн бар экендиги. Азыркы тил менен айтканда, эң күчтүү менеджер экендигин көргөзүп жатат! Мурунку президенттерге салыштырмалуү беш эсе мыкты жана жигердүү иштеп жатат десем жаңылбайм! Алсак, өлкөбүздүн ички дүң продукциясы кыйла өстү. Ал да бекеринен эмес чыгар. Коррупциянын тамыры кыркылгандан кыркылып атканы байкалат. Жаңы ишканалардын ачылып аткандарына мен эле эмес, жалпы эл күбө. Мындай учурда көз тийбесин, сөз тийбесин дейт элем. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер