Акыркы кабарлар
» Саясат » Мамлекеттик иштерге башын тыккан Абдышүкүрдү тизгиндеп койчу орган жокпу?
Мамлекеттик иштерге башын тыккан Абдышүкүрдү тизгиндеп койчу орган жокпу?
01-май, 14:01
1 556 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Казинону ачууну токтотуш керек. Алланын астына барганда жооп бересиң!” деп Абдышүкүр Нарматов өткөн жумада депутаттарды мечиттен коркутуп сүйлөдү. Конституцияда дин саясаттан тышкары экени жазылып турат. Бирок бул молдоке мамлекеттик иштерге ачык эле киришип, куран менен коркутуп, улуп-уңшуп отурат. Тийешелүү күч органдары Абдышүкүрдү тизгиндеп, мыйзам чегинде жазалап койсо болбойбу? Же шарият менен жашап калдык беле? Ислам мамлекети эмеспиз да, туурабы? Кыргызстан светтик өлкө! Андыктан, радикалдуу агымдардын үстөмдүгүнө чекит коёлу! “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” дегендей, мечиттерден саясатты сайрап отурушса, эртең келечегибиз кыйрап калбайбы?!
"Азия Ньюс" гезити