Акыркы кабарлар
» Саясат » УКМК: мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды
УКМК: мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды
31-май, 16:23

31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка келген Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды. Бул тууралуу 31-майда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди. Ал суракка Кумтөр иши боюнча чакырылган.Быйыл февралда түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров "канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан" өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иштеринде аты аталган аткаминерлер суракка чакырыларын билдирген.
14-майда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү эң чоң алтын кенди казган "Кумтөр Голд Компаниге" сырттан башкаруу киргизген. 7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн канадалык "Центерра Голд" компаниясын мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.
"Центерра Голд" мындай доону "таптакыр негизсиз" деп баалап, ал эми парламент кабыл алган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин билдирген.
Өмүрбек Бабанов быйыл мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которуп берген. Ошол эле учурда ага мурдагы бийликтердин тушунда козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулган.
Бабановго каршы иштерди тергеген УКМК Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын кабарлаган.
"Азаттык"











