Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Улуттук банк 500 миллион сомду жөн эле асманга чачты!”

Эмил Токтошев, ЖК депутаты: “Улуттук банк 500 миллион сомду жөн эле асманга чачты!”

19-декабрь, 09:00
328 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эмил Токтакунович, бүгүнкү күндө экологдор, врачтар да шаарды каптаган ыш боюнча добулбас кагып жатышат. Сиз бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун эмнеден көрөсүз?

-- Ыш негизинен үч себептен улам пайда болууда. Биринчиси, жеке сектордо бышпаган көмүрдүн жагылышы, экинчиси, ТЭЦтен чыккан түтүн, үчүнчүсү, шаардын көчөлөрүндө жүргөн унаалардын нормадан ашыкча газ чыгарышы. Үчөө тең чечиле турган маселе. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрүп атпайбызбы. Мисалы, Улан-Батордо эки жыл мурда чечип коюшту. Алар башпаган көмүрдү пайдаланууга толук тыюу салышты. Көмүрдү байытып, андан брикет жасашат. Натыйжада биринчиден, көмүрдүн сапаты жогорулайт, экинчиден, газ бөлүп чыгарбайт экен. Биз да ошол жолго өтүүгө тийишпиз. Туура, ал каражатты талап кылат. Бирок, аны тапса болот да. Мисалы, Кумтөрдүн акчасын эмне кылып атабыз? Улуттук банк 500 миллион сомду жөн эле валюталык рынокко чачып жиберди. Асманга чачты! 4-5 миллион сом эле бөлүп койсок, фабрика курулат. Ал боюнча даяр долбоор, ишке ашырабыз деген кишилер бар. Ышты жоготуунун башка жолу жок. Бөлөк өлкөлөр жасашты. Биз эмне үчүн жасай албайбыз?

-- Айтканыңыз туура. Бирок, азыр кыш ортолоп калбадыбы, фабриканы эми кура баштаса ал качан бүтөт?

-- Ооба, быйыл кечиктик. Азыр баштасак, эмдиги жылы аба таза болот. Төрт-беш жыл болду биздин айтканыбызга, бирок өкмөт кыймылдабай жатпайбы. Биз айтып-айтып эле кала беребиз.

-- Кеп негизинен Кара-Кеченин көмүрү жөнүндө болуп жатат да, туурабы? Ал быша элек болсо, кайра эле көмүрдү чет өлкөлөрдөн сатып алууга туура келеби?

-- Жанагы фабрика брикет кылганда бышпаган көмүрдү бышырат экен. Фабриканы Кара-Кеченин өзүнө куруш керек. Дагы бир жолу кайталагым келет, бул ишке аша турган эле нерсе, каржылык гана колдоо зарыл. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер