Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдурахман Матраимов: “Жаштарды Кытайга бекер окууга жөнөтүп жатабыз, быйыл 150 орун бөлүндү”

Абдурахман Матраимов: “Жаштарды Кытайга бекер окууга жөнөтүп жатабыз, быйыл 150 орун бөлүндү”

22-июль, 20:10
604 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Абдурахман иним менен жакындан тааныштык. “Билим Экспорт” окутуу борборунун жетекчиси экен. Кыргызстан эгемен алган жылдан тарта Кытайга эки-үч курдай барып, тил үйрөнүп, билимин тереңдеткенин айтып отурду. Учурда кыргыз жаштарына кам көрүп аткан жагдайын кошумчалады.

-- Абдурахман мырза, кеп башынан болсун, кандайча Кытайдан билим алып калдың?

-- 2005-жылы Оштун Кара-Суу районунан мектепти аяктадым. Айтылуу базарында кытайдын түркүн товарлары келип, аны менен катар кытай ишкерлери көп болор эле. Котормочу керек экенин, анын аркасы менен көптөгөн жумуштарды жасасам болорун билип, борборго келдим. И.Арабаев атындагы окуу жайда бир жыл кытай тилин окудум. Бирок, бир жыл мен күткөн жыйынтыкты бере албады. Улантыш керек болду. Анүстүнө бир агайым: “Сен кытай тилин үйрөнө албайсың, дараметиң жетпейт. Андан көрө базарга чык же Россияга барып иш кылсаң майнаптуу болот” деген намыска тийген сөздөрдү айтты. Ошондон улам Кытайдын белдүү окуу жайына барып, окууну улантууну максат кылдым. 

Бир топ кыйынчылыктарды башыман өткөрдүм. Ал ортодо бир жыл иштедим. Акыры белдүү университетине эч кимдин жардамы жок эле келишимдин негизинде окуумду уланттым. Каражат жагынан бир туугандарым жардам берди. Бир жыл окугандан кийин Кыргызстанга кайра келдим. Ошол кезде Кызыл-Кыя шаарында арматура чыгарган заводдо айлык акы алып иштеп, бир учурда котормочулук менен Балыкчы, Нарын, Талас шаарында кытай ишкерлерине тилмеч жумушта иштеп, кошумча каржы булагы болуп атты. Бир жылдын ичинде Кытайга короткон акчаларымды таптым. Муну менен токтоп калган жокмун. 2009-жылы билимимди дагы да болсо тереңдетиш үчүн Кытайга жөнөдүм (жогорку окуу жайдын дипломун алыш үчүн). Ал жерден көптөгөн кыргыз жаштарын жолуктурдум. Басымдуу бөлүгү эч бир даярдыгы жок эле келип, кыйналып аткандарына жол көрсөтүп, жардамымды аябадым. Мына бүгүнкү күнгө чейин кыргыз жаштарына Кытайдан билим алуу жаатында ишимди улантып келем.

-- А “Билим Экспорт” борборун качан ачтың жана максатына токтолсоң?

-- “Билим Экспорт” билим борборун жаштарды Кытайда акысыз окутуу жана алдын ала даярдык катары ачтым. Каражаты жок, бирок башка өлкөгө барып билим алып, башка элдин маданиятын, тилин үйрөнөм дегендерге чоң мүмкүнчүлүк түзүп, жаштарды Кытайга бекер окууга жөнөтүп жатабыз. Ал жакта окуу, жатакана, тамак-ашы акысыз болот. Студенттер кесипти өздөрү тандап окушат. Жалпысынан быйылкы жылы 150 орун бөлүнгөн. Кытайдын бир нече шаарларындагы университеттерде окушат. Кытайга барып акысыз окугусу келгендер Совет көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Билим Экспорт” окутуу борборунун кеңсесине келип, кенен маалымат алса болот. Каалоочулар үчүн эшигибиз ар дайым  ачык.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер