Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гепатит күч алып баратканы тынчсыздануу жаратууда

Гепатит күч алып баратканы тынчсыздануу жаратууда

19-апрель, 12:02
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Гепатит дартынын оор түрүнө чалдыккандар учурда 100 миң адамга миң адам туура келет. Адистердин айтымында, мунун алдын алуу чаралары көрүлбөсө, 2040-жылы каза болгондордун саны ВИЧ, кургак учуктан эки эсе өсүп кетүү коркунучу бар. Гепатит көбүнчө тиш дарылоочу жайлардан, чачтарач жана сулуулук салондорунан жугат. Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат.

Бишкектеги №6 тиш дарылоо клиникасынын башкы дарыгери Ренат Мааланбай уулу гепатит эмнеден пайда болорун “Марал радиосуна айтып  берген.

«Гепатит башка вирустардай болуп жугар замат билинбейт. Бир жыл же андан да көп убакыт өтүп кеткен соң гана оорунун симптомдору байкала баштайт. Бул учурда бейтаптар кайсы жерден, качан жуктуруп алганын билбей да калат. Өкүнүчтүүсү, вирусту алып жүргөн убагында башкаларга да жугузуп койгону болот.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер