Акаевдин душманы Атамбаевге кошомат кылган Жумалиевдин эки жүздүүлүгү

Тагдырдын тамашасын кара. Кубанычбек Жумалиев депутат кезинде түндүк-түштүк альтернативдүү жолуна Алмазбек Атамбаевдин атын коюуну Жогорку Кеңештен айтып, кошоматтанганы коомчулуктун сын-пикирин жараткан. Ушунча да жойкума беле? Атамбаев камалганы бир адилеттүү сөз айтканга жарабады. Ал эми өткөн жумада Аскар Акаев Москвадан учуп келсе, “лаборант” сөрөй жагалдана сүйлөп, бөжөңдөп калганын көргөндөр айтышты. Эмнеге мынча эки жүздүү? Акаевдин артынан адам катарына кошулган да, анан шефинин душманы Атамбаевди убагында даңазалап, атын түндүк-түштүк жолуна ыроолоп жибергенин кандай баалайсыңар? Өздүк булагыбыз билдиргендей, Кубунычбек Жумалиевди тунгуч президент анчейин деле сыйлабасы, сыртынан сыр билгизбегендей жасалма мамиле жасап койгону айтылды. Өзү уялбайт экен да... Саткынчылар, кошоматчылар аброй таппасы белгилүү эмеспи, туурабы?
"Азия Ньюс" гезити