Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Стив Джобс дүйнөнү өзгөрттү. Бирок өзүн унутту

Стив Джобс дүйнөнү өзгөрттү. Бирок өзүн унутту

10-май, 22:55
802 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бакыт 35 жашта. Өзүнүн логистика бизнеси бар. Күнүнө 12 саат иштейт. Командасы, үй-бүлөсү бар. Жоопкерчилик чоң. Ал чарчаганды билдирбейт. Бирок соңку айларда эртең менен ойгонуу оор, көңүл чөгүп, энергия аз, тери кургак, уйку үстүртөн. Кол калтырайт, жүрөк “безге” урат…

“Чарчоо. Убакыт жок. Өзү өтөт…” дейт. Бирок мен дарыгер катары айтам, булар жөн эле чарчоо эмес болушу мүмкүн. Бул – ферритин жетишсиздиги. Гормоналдык стресс. Бул – иштен чыгып бараткан организмдин акыркы сигналдары.

Стив Джобс эрте диагноз койгон, бирок дарылоону кеч баштаган. Ошол “кеч” аны сактап кала алган жок. Бул дүйнөгө сабак болду. Сен үчүн азыр чечсе боло турган нерсе.

Изилдөөлөр:

-- 72% ишкер эркек врачка “ачуу оорунун” гана учурунда барат;

-- 56%ы белгилерди “жөнөкөй чарчоо” деп кабыл алат;

-- Кыргызстанда 40 жаштан ашкандардын 18%ы гана жылдык чекаптан өтөт.

Бизнесте сен пландайсың. Бюджет, кеңсе, команда… А өзүңө планың барбы?

Мен өзүм врач катары көпчүлүк эркектерди өтө кеч келгенде көрөм. Жөнөкөй анализ менен алдын алса болчу дарт операцияга айланып калган учурлар көп.

Алдыга ишенимдүү кадам таштагың келсе, өзүңдөн башта. Мындан башта:

-- жалпы жана биохимиялык кан;

-- Ферритин, В12, D витамини;

-- ТТГ жана калкан без (УЗИ);

-- ЭКГ, боор жана ашказан (УЗИ);

-- ПСА, простата кароо (өзгөчө 40 жаштан кийин).

Сен бизнесиңди сактап жатасың. Эми өзүңдү да сакта. Бул – күчтүүлүктүн белгиси. Түпкүрүндө акылдуулук.


Эрмек Исмаилов

 "Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер