Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марат Казакбаев: “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт”

Марат Казакбаев: “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт”

10-апрель, 22:00
4 594 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Марат мырза, кыргыздар менен тажиктердин мамилеси оорлошуп бараткандай. Айрыкча чек аранын айланасында жашаган эл “от тутанып кетпейби?..” деген коркунуч менен күн кечирип келишет. Кантип абал турукташат?

-- Чынында эле акыбал оорлошуп, курчуп баратат. Акырындап ушул абалга такалдык. Делимитация боюнча ушундай кала берсе, чыр-чатактар улана берет. Учурда жерди айдап-себүү, жазгы талаа жумуштары башталды. Кандай болсо дагы тажик чек арачылары кол салып, нааразылыктар болуп, күн аралата түрдүү жаңжалдар орун алып келет. Себеби, азыр чек ара толукталып түзүлө элек. Бир дагы документ жок, ошон үчүн ушундай окуялар кайталанууда. Менин оюмча, Камчыбек Ташиев эмес, президент Садыр Жапаров өзү Эмомали Рахмон менен жолугушуусу зарыл. Эки өлкө башчы гана маселени оң жагына чечет. Мурунку президент ички жана тышкы саясатты башкара албады. Ошондуктан азыркы президент өзү Эмомали Рахмонго түз сүйлөшүүгө чыгышы шарт. Ошондо тажиктер угат. Абал турукташат.

Камчыбек Ташиев экинчи вариант боюнча айтып кетти. Алмашуу боюнча сөз козгоду. Бул таптакыр туура эмес. Тажик тарап Ворухту алмашууга барбайт. Булар “Ворух – тажиктин жери” деп сөздөрүндө турушат. Ошондуктан сүйлөшүүгө барбай жатышат. Мындай куру сөздүн кереги жок. Ошондуктан башка этапты табуу керек. 

Ак-Сай менен Лейлекке чейин жол салыш керек болчу. Жол, фабрика салып таштасак, ошолорду көрүп эле тажиктерге коркунуч болмок. Баткендиктердин баары Россиялап кетип, жерлер ээн калып, ошон үчүн тажиктер көз артканга мүмкүнчүлүктөр болууда. Ал жакта же постубуз жок. Чек арачылар пост коюшу керек. 

Баткен облусунун губернатору болуп Өмүрбек Суваналиев барды. Эң биринчи экономикалык жагын колго алып, фабрикаларды иштетип, аракет кылып, биринчи эле жол салып баштоосу зарыл иш. Лейлекке чейин жолдор салынып баштаганда, алар жолду ээлеп алуудан коркуп башташат. Чек арачыларга да шарт керек. Коопсуздук окууларын тез-тез өткөрүп, иштеп, кыймылдасак жылыш болот. Анан жөн эле “алмашып коёлу” деген куру сөз болбойт. Болбогон позицияны айта берсек, абал кайра курчуй берет. Муну Камчыбек Ташиев же башка аткаминерлер чече албайт. Эң биринчи эки президент сүйлөшүшү шарт. 

“Ворухту бер” дегенге “ал жакта баардык инсфрактура бар, эмнеге беребиз?” деп жатышат. Ошондуктан аябай кылдат мамиле керек.

-- Тажикстандын полигондорунда аскердик машыгуулар өтөрү айтылып, Тажикстандагы кыргыздарга кооптуулук жаралып, коркунучтан кабар бергенсийт...

-- Жетекчинин оозунан сөз чыгып жатса, аларга да коркунуч болуп жаткандай. Үйлөрдү өрттөп, атышуулар орун алып жатат. Ошондуктан эки өлкө башчысы тез сүйлөшүүгө барбаса, жылыш болбойт.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер