Баатырдын сүрү күчтүү, жүрөгү назик... Камчыбек Ташиевдин образы

“Эрдиги бар, эси жок” деп эпосто Манасты сүрөттөшчү. Учурда бул кеп Камчыбек Ташиевге тийүүдө. Себеби бар экен. Камчыке тарыхка из салып, элге кызмат кылууга жан үрөп, колдон келишинче аракет көрүүдө. Ал майда сөздөн улам жаманатты болуп атканына да кайыл, бирок, бийликтин каары анын жүрөгүнө сокку болуп тийди...
Алгач Садыр Жапаровдун дайындоолоруна каршы турду. Телефондон урушту. Ошол Нариман Түлеев, Бакыт Сыдыковдор боюнча чатак башталган. Аларга Ташиев караманча каршылыгын көрсөтүп, “элге жаман көрүнөбүз” деп кыжалат болду. Андан соң ИИМ жетекчиси Улан Ниязбеков менен УКМКнын орун басары Таалай Жапаровго ичи чыкпай, уруш кайра көчөдү. Көрсө, баатырдын сүрү күчтүү, жандүйнөсү назик тура. Камчыбек Ташиевдин жүрөгү кармап, аз жерден калды...
Ошондон кийин эки достун мамилеси сууп калыптыр. Камчыке оппозицияга кетүүгө деле кайыл экен. “Саткынчы болуп калбаймынбы?” деген санаркоо менен жашап атыптыр...
Айтор, биз билбеген чатактар эки достун ортосунда курчуп жатканын айланасы эле божурашууда. Дагы көп маалыматтар түшүүдө, биз аларды тизмектеп, кийинки санга кечиктирбей чыгарабыз.
"Азия Ньюс" гезити