42 жаштагы Канат Жумагазиевдин ИИМ жетекчилигине келишине негиздер бар
“Генералдыкты самабаган солдат – солдат эмес” деген лакап бар. Анын сыңарындай, форма кийген азаматтардын арасынан элге кызмат кылган жетекчилер өсүп чыгат эмеспи. Бул жааттан көп мисалдарды келтирсек болот, мына ошолордун орчундуусуна токтолуп, калыс баа берүүгө өтөлү.
Канат Жумагазиев катардагы оперден ырааты менен жетекчилик тепкичтерди басып өтүүдө. Соңку он беш жыл аралыгында эле бир канча РИИБде орун басар, эки райондо начальник милиция болуп иштегенге жетишкен. ИИМдин 10-башкармалыгынын начальниги, Чүй ОИИБнин башчысы, жол көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси, учурда Бишкек ШИИБнин начальниги болуп иштөөдө. Мындайча айтканда, милициянын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп келатат. Канат Сагынович кайсы гана жетекчилик кызматтарда иштебесин, кырдаалды алдын алуу менен уюштуруучулук жөндөмүн көрсөтө алат. Өздүк курамга дайыма кам көргөнүн билебиз. Кылмыштуулукка каршы аеосуз күрөшүүдөн сырткары, ал менеджер катары милициянын ички кем-карчын көтөрүп, кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзүүдө да тапкычтыгы бар. Долбоорлор менен иштешүүдө заманбап техникаларды камсыздоо жагынан да жетишүүдө. (Шаарда кайгуул кызматынын ишке кириши мисал.) Бул өңүттөн алганда, дагы бир топ жүрөк жылыта турган жаратмандыгы алдыда...
Учурда ИИМге карата сын-пикирлер арбын айтылып келет. Бирок, системада бычакка сап болчу кадрларды бир жактуу көөмп салбаш керек. Маселен, Канат Жумагазиев 42 жашта болгону менен элге кызмат кылууда бир топ түйшүктүү жолду басып өттү. Артында эч бир чыр-чатагы жок. Таза, идеяга бай, профессионал кадр катары өсүүдө. Келечекте ИИМ жетекчилигине келишине реалдуу негиздер бар. Буюрса, алыска чуркайт...
“Адамга эң кыйын күн сайын адам болуу” деген Чыңгыз Айтматовдун осуяты эске алсак, мыкты жетекчи болуу үчүн иралды жакшы инсан болуп калыптануу зарыл. Бул жагынан Канат Жумагазиевди билгендер жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин, сабырдуулугун өзгөчө баалашат. Ал дайыма оор басырыктуу мүнөздө жүргөнү, башкалардын ички тынсыздануусун, абалын сезе алары да баалуу сапат. Жашоодо сергек...
Aryba.kg