Анарбек Усупбаев: “Мектептен мечит көбөйдү. Дин бизге идеология эмес”

-- Анарбек ага, улуттун идеологиясын кантип көтөрөбүз? Аксакал катары кандай кеп-кеңешиңиз бар?
-- “Велосипедди кайрадан ойлоп табуунун кереги жок” деп орустар айтмакчы, биздин кыргыз элинин идеологиясы Теңир, дүйнө таануу, дилибиз, үрп-адат, каада-салтыбыз, нарк-насилибиз, уруулук түзүлүшүбүз негизги идеология катары эсептелинет эмеспи. Ата-бабабыздын санжырасын, жаңы тарыхыбызды билүү кажет. Бул кезге чейинки тарыхыбыз жөөттөрдүн жомогу. Ушунун негизинде эч кимге көз каранды болбогон китеп жазылуусу абзел. Буга чейин көрүнгөндү ээрчип, этегине намаз окуп келбедикпи. Анан эң негизгиси, биздин өлкө светтик мамлекет экенибизди таанып, башында болгону оң. Бизге жабыштырган диндин кереги жок. Азыр Кыргызстанда ислам дининин 70тен ашуун агымы бар экени айтылууда. Мээ деле жетпей калды. Алар “ыйман, адеп” демиш болуп, бири-бири менен чабышып аткандарын, көз караштары дал келбей, бири бирди сүйлөп, экинчиси экини сүйлөп аткандарына таңгаласын. Анан алар кайсы идеологияны жыргатмак эле? Мектептен мечит көп. Биз илим-билимге умтулабызбы, же башка элдин кийимин кийип, башка элдин салтын тутунабызбы? Мындай болбойт. Дин бизге идеология эмес. Бул маселе баарыбызды ойлонтуш керек!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити