Акыркы кабарлар
» Коом » Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду
Вирусолог жазында коронавирус боюнча кырдаал кандай болорун боолголоду
19-февраль, 14:39
1 793 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Жаздын келиши менен социалдык активдүүлүк жогорулайт. Ал коронавирус менен ооругандардын статистикасына терс таасирин тийгизиши ыктымал. Бул тууралуу "Известия" басылмасы Гамелея атындагы борбордун вирусологу Александр Бутенконун айтымына таянып кабарлады.
"Тропикалык өлкөлөрдө дайыма абанын температурасы жогору болуп турат. Ал жакта төрт мезгил жок. Маселен, Бразилия жана Индия. Вирус оорулуу адамдан соо кишиге жакындан байланыш болгондо, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөшкөндө жугат. Ошондуктан бул оору бардык мезгилде эле жүрө берет деп ойлойм", — деген вирусолог.
“Спутник”