Акыркы кабарлар
» Коом » Белгилүү сынчы Аскар Медетов эл аралык TURKSOY уюмунун медалы менен сыйланды
Белгилүү сынчы Аскар Медетов эл аралык TURKSOY уюмунун медалы менен сыйланды
25-июль, 19:26
397 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Мурдагыларын айтпаганда да акыркы он жылда Аскар Медетов адабият майданында жигердүү иштеп, сындын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, биздин гезитке курч макалаларын жарыялап келатат. Поэзиядагы жалган менен чынды кылдат ажыраткан, прозанын, сындын жанрларынын теориялык маселелерин ичкериден иликтеп ачып берген полемикалуу эмгектери окурман журту тарабынан жылуу кабыл алынып, бир топ резонанска ээ болгон. Сынчынын эмгеги жерде калбай бааланып, эл аралык TURKSOY уюму медаль менен сыйлап отурат.
“Мээнеттин дөөлөтү болот” демекчи, сынчы агабызды сыйлыгы менен куттуктап, ага бекем ден соолук, кажыбас кайрат, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Ошого катар сын, адабият илимин нарктуу эмгектери менен байыта беришине тилектешпиз!"Азия Ньюс" гезити