Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев, саясатчы: “Кадр тандоодогу тууганчылыктан арыла албасак, кайдагы өнүгүүнү айтабыз?”

Төлөгөн Келдибаев, саясатчы: “Кадр тандоодогу тууганчылыктан арыла албасак, кайдагы өнүгүүнү айтабыз?”

08-июль, 20:54
1 183 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Төлөгөн мырза, өткөндө Токмок шаарынын мэри чогулуш учурунда камакка алынды. Мындай көрүнүш менен кадр саясатын оңдоого жетише алабызбы? 

-- Токмок шаарынын мэринин ишмердиги, кармалышы жөнүндө көп сындар козуду. Ал эми башка мэр, аким, президенттин облустагы өкүлдөрү тажрыйбалуу, дасыккан жетекчилер деп айта алабызбы? Мамлекеттик кадр саясатын ишке ашырууда кемчиликтерге орун берилбеши керек. Чынын айтканда, кадр даярдоо – бул өтө кымбат турат, 2000 кызматчынын арасынан 10-15 жылда 60 же 70 гана адам жетекчилик орундарга бышып жетилет, калгандары катардагы адис боюнча гана калат. Азыр ушундай жолдор менен тандоо болуп жатабы? Көпчүлүк акимдер айыл чарбасын түшүнбөй эле жүрүшөт. Облустагы президенттин өкүлдөрү да экономика, кайра иштетүү, өнөр жай, тоо-кен, жеңил өнөр жай, сугат суу, азык-түлүк коопсуздугу, кышка даярдык жана башка маселелер жөнүндө түшүнүктөрү аз, бирок иштеп жүрүшөт. Такшалган, тажрыйбалуу жетекчилер гана бийликке абийир, намыс алып берет эмеспи. Кадр тандоо бизде киного тартылган актёрдук чеберчилик боюнча кастингинен да артта калган. Тууганын, досун, өкүл баласын кызматка алып келүүнүн өзү коррупция. Ушулардан арылбасак, анан кайдагы өнүгүү прогресс болмок эле?..   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер