Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Үмөталиев: “Бюджетти толтуруу үчүн өкмөт бизнесмендерге катуу кысым жүргүзүп жатат”

Эмил Үмөталиев: “Бюджетти толтуруу үчүн өкмөт бизнесмендерге катуу кысым жүргүзүп жатат”

17-январь, 09:23
433 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Kyrgyz Concept” компаниясынын негиздөөчүсү

-- 2020-жыл жаңырды. Бул жылы экономикада кризистер күтүлбөйбү?

-- Кризистер күтүлөт. Өзгөрүүлөрдү кантип күтөбүз? Кандай иш-чаралар көрүлүп жатат? Ал иш-чарада позитивдүү бизнестин өзүнүн катышуусу менен бизнестин талабына жооп бере турган чечимдерди кабыл алганына күбө боло алдыкпы? Биз эмнеге күбө болуп жатабыз? Бюджетте акча аз. Бюджетти толтуруу үчүн бизнесмендерге катуу кысым жүргүзүлүп жатат. Салык инспекциясы жана ар кандай текшерүүчү органдар аркылуу ишкерлер азыр чоң кысымдарга дуушар болушту. Талаш-тартыштын баары: бизнесмендин пикири, ишеничи эске алынбай, баардык комиссиянын чечимдери түз гана бюджетти толтуруу үчүн бир тараптуу болууда. Бизнестеги адамдар өткөн жылдардан баштап жаңы пландарын токтотуп атышат. Себеби, алар чочуп турушат. Жаңы план, жаңы иштерди жүргүзбөй, тескерисинче, мурдагы иштери да токтоп калып жатат. Бул жыл абдан оор болот. Бийликтегилердин өздөрүнүн эле бизнестери иштеп турбаса, калган калың катмардыкы абдан оор жагдайга учурайт. 

Негизги себептердин бири ЕАЭБге кирип алып, эми ал бирикменин баардык өлкөлөрү азыр кризисте, б.а., бул уюмга мүчө баардык өлкөлөрдүн экономикасы жакшы өспөй калган. 2014-жылдан тарта Орусиянын өзүнүн да экономикасы өспөй турат. Өсүү да күтүлбөйт. Алардын баарын ээрчип алып, токтоп калган трендинде биз дагы кыпчылып турабыз. Геосаясат жагынан да, регионалдык саясат жагынан да жалаң негативдүү таасирлер тийүүдө, демек, оор турмушка даяр болушубуз керек. Оор турмушта ишибизди кантип жылдырабыз, ошону ойлонушубуз керек. Биздин ички саясатыбыз да оор болуп (адамдардын укуктары корголбогондугу, журналисттердин куугунтукталганы), мунун баары инвестиция тартууга, бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө. 

-- 2020-жылдын экинчи жарымында кыйынчылыктар көбүрөөк орун алары айтылууда...

-- Эмнеге экинчи жарымы? Биринчи айлампасы деле оор өтүүдө. Чек араларда чатактар болуп жатат. Бир топ митинг, пикеттер орун алууда. Мунун баары бизнести чочутат, үмүт бербейт, жаңы өнүгүүгө шарт түзбөйт. 

-- Өкмөт “ишкерлерге камкордук көрүлүп жатат” деген түр көрсөтүп келет го?..

-- Биринчи ишкерлердин пикирин уксаңар, оор акыбалдары маалым болот. Салыкты катуу, же күч менен чогулткан учурлар көбөйүп кетти (!) деп ачык айтып чыга алышпайт. Бирок күбөлөр бар. Ишкерлер түшүнүп турат. Жолугушуулар, алардын пикирлерин угуу азайып калган. Ишкерлердин пикирин угуп иштеген убактар өтүп кетти. Өкмөттүн чечими менен “бейөкмөт уюмдарды көбүрөөк текшерүүгө алышыбыз керек” деп жатышат. Көбүрөөк текшерүүгө алгандан кийин көбүрөөк кысымга алат. Бизнестин уюмдары бизнес ассоциациялары бир ишкананы эмес, жалпы бизнесмендердин пикирин эске алып, өкмөт менен кызматташчу. Бейөкмөт уюмдар кысымга алынса, анда бизнес уюмдары дагы автоматтык түрдө кысымга алынат. Иштери кыскарат жана токтойт. Анан бул жерде кайдагы бизнестин корголушу? 2014-жылдан бери Орусиянын башка өнүккөн өлкөлөр менен мамилелери бузула баштагандан тарта анын таасири бизге да тийүүдө. 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер