Күйөөмдүн ойношу жүрөк оорукчал кылды. Уу ичким келет...
Акчабыз тартыш, кыйналып жашаган кездерде бактылуу экенбиз. Жетпеген оокат болсо да келечекке карай кыялданып, үмүт менен жашачубуз. Акыркы беш жылда күйөөм жумушунан көтөрүлүп, каражаты көбөйө баштады. Жаңы квартира алдык. Чакан кафе иштетебиз. Учурда жер үйдүн курулушун да кылдырып атам. Тилекке каршы, турмушубуз жакшырганы менен ички дүйнөнүн азабына кабылып, эзиле баштадым. Жашообузда бир шуркуя пайда болду. Жолдошума ар дайым жолугушуп, экөө ысык мамиле куруп алышыптыр. Кеч билдим. Анын СМСтерин окуп, көпкө жиним келип жүрдү. Телефон чалып, урушуп да көрдүм. “Биз бири-бирибизди жакшы көрөбүз!” деп беттен алат. Күйөөм да кеп жебейт. Уруш-талаш көбөйүп кетти. “Байысак бактылуу болобуз...” деген тилегим таш капты. Жүрөк оорукчалга айландым. Кээде жашоого да тоюп кетем. Уу ичким келет... Бирок кайра ойлоном, кантип ал шуркуяны жеңем? Мендей азап тарткандар бул жашоодо барбы?..
Алия, 39 жашта
Aryba.kg