Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда COVID-19 илдетинен кайтыш болгондор. Үрөй учурган цифралар

Индияда COVID-19 илдетинен кайтыш болгондор. Үрөй учурган цифралар

24-май, 16:31
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Индияда COVID-19 илдетинен кайтыш болгон адамдардын расмий саны 303 миң 730 кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алганы ырасталган жарандардын саны 26 миллиондон ашты.

Расмий статистикага ылайык, Индия илдеттен каза тапкандардын саны боюнча АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Адистер өлкөдө илдеттен кайтыш болгондор менен ага чалдыккандардын расмий саны алда канча көп экенин билдиришүүдө. Соңку бир канча аптадан бери коронавирус күч алып, ооруканаларда орун, жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатат.

***

Эмдөө процесси тездегендиктен АКШ менен Европада коронавирустун жайылышы басаңдоодо. Кошмо Штаттарда бир күндө вирусту жугузуп алгандардын саны соңку 11 ай ичиндеги эң төмөнкү чегин көрсөттү.

***

Британ өкмөтү эгер калк эрежелерди сактоону уланта берсе, 21-июнда карантиндик чектөөлөрдү алуунун акыркы этабы баштала турганын жарыялады.

***

Чехиянын бийлиги 14-июндан тартып бир катар чектөөлөрдү алат, анын ичинде ресторандардын ишине жана концерттерге уруксат берилет.

***

10 миллиондой калкы бар Венгрияда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 5 миллиондон ашты. Мындан улам, өлкө бийлиги чектөөлөрдү жумшартууну көздөп жатат.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер