Айылдык аялдарды ишкерликке үйрөтүү учурдун талабы!
Бул туурасында «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер Аида Касымалиева теледебат маалында сөз кылды.
«Жумушума байланыштуу көп учурда региондорду кыдырып, айыл тургундары менен жолугушуп турам. Аялдардын ишкерлик менен алектенүүсүнѳ мамлекеттик позициядан караш керек. Мында биринчи кезекте энелерди жана балдарды коргоо маселелерине көӊүл бурулууга тийиш. Эӊ эле жөнөкөй нерсени карап көрөлүчү: айылдагы аялдар ишкерлик менен алектенгиси келет, тигүү цехин же чачтарачты иштетсем дейт. Ал кредит алды дейли, анын үй жумуштарынан бошошу да кыйын жана балдарын бере турган жери да жок» деди А.Касымалиева.
Талапкердин айтканына караганда, ал Жогорку Кеӊештин депутаты катары жөлөк пул маселесин дайыма көтөрүп келген. «Биринчи кезекте жөлөк пул баласы 3 жашка чыкканга чейин төлөнүүгө тийиш. Экинчиден, балдардын апасын акырындык менен эмгекке аралаштыруу керек. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги белгилүү бир учурга чейин жөлөк пул берет, андан кийин балдардын апасы өз көйгөйлөрү менен кароосуз калып жатат. Эч кандай тренингдер өтпөйт, эч кандай насаатчылык жок, ал эми бул айылдык аялдар үчүн өтө актуалдуу. Мындайда аялдарды акырындык менен ишке аралаштыруу абзел. Айрым жерлерде аялдар жамааттары бар, алсак, башкалары окуп келгенче, бирөөсү 2-3 саат алардын балдарын карап турат» деди ал.
Аида Касымалиева эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте майып балдардын энелерине 4000 сом өлчөмүндө жөлөк пул киргизүүгө жетишкен. «Мыйзам боюнча оорукчан балдарды багуу бул эмгек катары эсептелет жана кийин алар ал аркылуу пенсияга чыга алат» деди талапкер.
«Биримдик» (Единство) демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.