Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Арстан Алай: “Өзүмдөн башка эч кимди көрбөй турам. Мен ажо болгондо гана оңолобуз”

Арстан Алай: “Өзүмдөн башка эч кимди көрбөй турам. Мен ажо болгондо гана оңолобуз”

10-сентябрь, 13:23
3 140 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Арстан иним, алдыда парламенттик шайлоо. Сенин баамдашыңда, кайсы партиялар марага келет деп ойлойсуң?

-- Жараткандан “сандаган депутаттардын сөзүнө, ишине караганда, ааламдык мыйзамды, кыргызчылыкты терең өздөштүргөн бир адамдын сөзү, иши, энергия-касиети бийик!” деп берилет. Ошол сымал азыркы парламенттик шайлоого бараткан күчтөр, анын ичинде “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” бийликчил партиялар экени баарыбызга белгилүү. “Кыргызстан” партиясы – муну каржылаган да, негиздөөчүсү да Шаршенбек Абдыкеримов, “Аю” фирмасыныкы. Ким бийликке келбесин, аны “ата” дейт. Эми ушул үч партия коалиция түзөбү, алардын оюнда? Ага мүмкүн  “Замандаш” кошулат. Ушу төрт партия өтөт го. Буларга “Республика” кошулушуна шарт болуп тургансыйт. Тыйыны бар да. 

-- Эмнеге төрт партияны баса көрсөттүң?

-- Себеби, бул төрт партияны бийлик колдоп турат. Материалдык ири дүйнөсү, каражаты бар. А бирок, ушул партиядагылар, ойлонуп көрсөң, тизмедеги бараткан көпчүлүк кыргыз жигиттеринен шектенип, адамгерчилик жактарынан күмөнүм бар. Кыргызстанды башынан “мүлжүп жегендер” беле? Анан ушуларда (“Кыргызстанды оңдойбуз” дегендер) кайсы абийир, кандай жигитчилик калды? Ошол эле учурда үгүт жүргүзүп жаткандарда адамгерчилик барбы? Булар жолдон тайыган адамдар. Бийлик башына бара турган адамдар акча берип, “мени “ата” деп койгулачы?” дегени Жаратканга жакпаган иш да. Ошондуктан, булар барган менен деле кыргызга, дүйнөгө эч жаңылык алып келе алышпайт. Бийлигин, байлыгын коргоп туруу үчүн барып атышат. Мурунку чакырылыштагы депутаттардан канчалык деңгээлде эл жийиркенип калышканын билбейсиңерби? Алардын арасында жандүйнөсү өскөн бир да адамды көрө албайм. Бийлик бул депутаттарды эмнеге колдонду? Өз кызыкчылыктарын чечүү үчүн да, туурабы?..

-- Доордун талабын сезбей атышабы?

-- Кыргыз жеринде “Ата жолу” деген бар. Ата-теги арбайдан бата чыгат. А булар болсо айлампадан чыга албай, элди да кыйнап, өздөрү да жол таппай атышат. Ошондуктан айырма жок. Кимиси болсо да баары бир өзгөртүү киргизбейт. 

-- Арасында патриотторду көрбөй атасыңбы?

-- Кайсы патриот? Сыймык Жапыкеевби? Бул жигит менен бир чыны кофе ичкенче баарлашып көрүңүзчү, аң-сезими кандай экенин билесиз. Өтө төмөн да. Алар өтпөйт. Биринчиден, адамда сыпат, экинчиден, түшүнүк бийик болуш керек. Үчүнчүдөн, келечекти алдын ала көрө билүү абзел. Төртүнчүдөн, андай адамда ааламдык касиет болуусу кажет. Мен алардын арасынан эч кимди көрө алган жокмун. 

-- Азыркы пандемия апаатынан, учурдагы кыйчалыш мезгилден кыргыз ойгондубу?

-- Кыргыз ойгоно элек. Элибиз ойгонсо кайтпайт эле. Кыргыз чындык үчүн жаралып келет. Чындык үчүн өлөт. Чындык үчүн күйөт. Өзүмдөн башка эч кимди көрө албай турам. Мен ажо болуп, эл башкарганда гана жашоо оңолот. Мүмкүн эл арасында бардыр, бирок азырынча андай адамды жолуктура элекмин. Чыга элек. Мобу партиялардын тизмегинделер эч бир даярдыксыз кетти, капыстан, шашылыш эле. Эгер кыргыз ойгонсо, мага окшогон адамга келип: “Кандай кылалы? Башыбызга туруп бериңиз?” дегенде болмок. Ошондо гана эл бир жакка оомок да. 

-- Деги шайлоо тынч өтөбү?

-- Негизи, “Акаевди, Бакиевди да жаман көрбөгүлө” деп ааламдан берилет. “Бул кыргызды ойготуу үчүн эле болуп аткан иш” дейт. Анын сыңарындай, парламенттик шайлоо, элдин нааразычылыгы, азыркы президенттин жүргүзүп аткан саясаты, мурунку президенттин кылганы – ушунун баары кыргызды ойготуу үчүн. Туура, учурда кыргызга тынчтык жана бир аз эволюция керек го. 

-- Өнүгүү жөнүндө айтып атасың да?

-- Ооба. Биз эмнеге өнүкпөй атабыз? Эң ириде Башмыйзамды өзгөртүү керек. Биз Батышты карап туруп алдык. Эгер Башмыйзамды кыргызчылыкка карата бычса, мына ошондо өнүгүү болмок. Улуулукка багыттоо кажет.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер