Атамбаев бийликтин аброюн кетирип, түндүк-түштүк ажырымына таасир этет
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча процесс башталып, бирок, ага негизги айыпталуучу катары Алмазбек Атамбаев келүүдөн баш тартты. Алгач эле экс-президент өзүнө коюлуп жаткан кинелерди тааныбай турганын билдирген. Андан сырткары башка кылмыш иштери да мыйзамсыз козголгонун, дегеле эч бирине жооп бербей турганын каңкуулаган. Мындай жолду эмнеге тандап алды? Себеби, ал бийлик менен жеке таарынычтан улам урушканы, аягында тирешүүлөр саясый негизде каршылашууга жеткени белгилүү. Андыктан, Атамбаев өзүнө коюлуп жаткан айыптардын баарын четке кага берет, саясый туткун катары өзүн көрсөтүү үчүн күрөшөт. Өжөрлүгү, артка кайтпастыгы электоратына жана оппозициялык маанайдагы калың катмарга жагат. Түрмөдө жатып алып деле бийликтин аброюн кетирүүнү, өзүнүн рейтингин көтөрүүнү ал ойлонуп атса керек. Мындай идеяны саясатчы катары ишке ашырат. Ансыз да экс-президенттин камалганы түндүк-түштүк ажырымын жаратып кеткен болчу. Мындан ары да чыңалууга “май тамызгылар” боло берет. А эң орчундуусу, эл аралык коомчулук астында Атамбаевдин камакта жатышы кандай макамда бааланары азырынча ачыктала элек. Дал ушул жагы олуттуу көрсөткүч болору, күрөш али алдыда экенин эскертмекчибиз.
Aryba.kg