Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 5-6-октябрда жабыркагандар Жээнбековду кылмыш жообуна тартууну талап кылышууда

5-6-октябрда жабыркагандар Жээнбековду кылмыш жообуна тартууну талап кылышууда

28-январь, 14:41
1 206 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адвокат Замир Жоошев фейсбук барагында парламенттик шайлоодон кийин 2020-жылдын 5-6-октябрында жабыркагандардын билдирүүсүн жарыялады. Алар экс-президент Сооронбай Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Жабыркагандар билдирүүсүн Башкы прокуратурага жолдошту. Алардын айтымында, Жээнбеков «укук коргоо орган кызматкерлерине митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук бергени» үчүн жоопко тартылышы керек. Алар бул аракеттери үчүн Жээнбековду экс-президент макамынан дагы ажыратууну талап кылышууда.

Жабыркагандардын кызыкчылыктарын «Кыргызстандын жактоочулар бирикмеси» коргойт. Ошондой эле, жарандар өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн «“Кыргыз Үмүтү” Октябрь элдик революциясынын баатырлары» Коомдук бирикмесин дагы түзүшкөн.

Билдирүүдө экс-президент октябрь окуяларында жарадар болуп каза тапкан 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деп айтылат.

Жээнбековдун отставкасы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин шартында 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен.

Ошондо шайлоодогу көптөгөн бурмалоолордон улам шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкектин башкы аянтына чыгышкан. Андан соң 6-октябрга караган түнү укук коргоо орган кызматкерлери менен жарандардын ортосунда кагылыш болгон. Бул башаламандыктардын шартында экс-депутат Садыр Жапаров тарапкерлеринин колдоосу менен абактан бошотулуп, андан соң өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Жапаров өлкөнүн башкы кызматтарын аркалоо менен кадр саясатын жүргүзүп, маанилүү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн, анын ичинде УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте түптөгөн «Мекенчил» партиясындагы кесиптештерин дайындаган. Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын жана Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумду дагы демилгелеген.

Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтүп, парезиденттик башкаруу формасы жеңишке жеткен. Ушул эле күнү өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Жапаров алдыга чыккан. 


"ky.kloop.asia"

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер