Акыркы кабарлар
» Коом » COVID статистикасы: 103 киши ооруп, үч бейтап көз жумду
COVID статистикасы: 103 киши ооруп, үч бейтап көз жумду
16-ноябрь, 11:57

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 103 адамдан коронавирус табылып, 97 бейтап айыкты. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
- Бишкек – 47;
- Чүй облусу – 35;
- Ош облусу – 1;
- Талас облусу – 3;
- Нарын облусу – 2;
- Ысык-Көл облусу – 7;
- Жалал-Абад облусу – 6;
- Баткен облусу – 2.
Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 182 миң 528ге жетти. Анын ичинен 177 миң 006 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери оору үч адамдын өмүрүн алган. Аны кошкондо өлкөдө жалпы 2710 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Азыркы тапта стационарда 531, ал эми амбулатордук шартта 752 адамдын дарыланып жатканы айтылды.