Таштаналиев тууганы Эсенаманга күйүп, Жеңижоктун жеңишин моюндагысы келбей жатканы уят иш


Журналист Болотбек Таштаналиев менен КР эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев агабыздын ортосунда жүрүп жаткан талаштар боюнча өз көз карашымды билдирүүнү туура көрдүм. Айрым замандаштар мага да телефон чалышып, бул макаланын (“Жеңижоктон жеңилген Эсенаман, же тууганчыл Таштаналиевдин көздөгөнү эмне?” 27-март, 2025-ж. “Азия News” гезити, №12 (591), 12-13-беттер) жарык көрүшү жагдайында сурагандар көп болууда. Айрымдар бул макаланы менин калемиме таандык катары божомолдоп жатышыптыр. Эми бул жарык көрүп, талкуу жаратып жаткан макаланын жагдайы жөнүндө айтайын. Макала (текст) 2021-жылы эл жазуучусу Э.Отунчиев тарабынан жазылып, ал анын “Жеңижок жөнүндөгү жел сөздөр кайдан чыккан?” деген аталыштагы китебинин 52-68-беттеринен орун алган.
Кыргыз ырчылар чыгармачылыгында Жеңижок сыяктуу өмүрү, чыгармачылыгы дагы эле мурунку көз караш менен каралып, айрым жагдайлары боюнча зарыл тактоону талап кылган ырчы-өнөрпоздор аз эмес экенин эске алганда, эл жазуучусу Э.Отунчиевдин 2015-жылы жазылган “Жеңижок” романы жана андагы айтылган көз караштар да көпчүлүктүн көңүлүн буруп, айрым ой-пикирлерди пайда кылган эле. Өткөн 2024-жылы 25-октябрда эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев агабыздын 85 жылдыгы белгиленип, Талас мамлекеттик университети бул мааракеге арнап илимий-практикалык конференция өткөрөрү биздин окуу жайга да кабарланып, ошол илимий иш-чарага катышуу мага да насип кылынган экен, ошондо жазуучунун бул романы боюнча баяндама жасагам. Мында дал ушул Жеңижок ырчынын өмүрү, чыгармачылыгы туурасында зарыл тактоону талап кылган жагдайлар ушул күнгө чейин чечилбей келатышы, айрым маселелерге бул тарыхый романда да ынанымдуу жооптор али орун албаганын айттым эле. Ошол аталган иш-чарада жасаган илимий баяндамам кийин макала түрүндө гезиттин эки санына (“Азия News”, 21-ноябрь, 28-ноябрь 2024-ж.) басылган болчу. Мында мен жезтаңдай акын Жеңижоктун туулган жылы, жери, дүйнөдөн өткөн жылы, себеби жана талаш жаратып келген Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы жөнүндө токтолуп, эми ушул романдан улам бул маселе боюнча жаралып келген мурдагы суроолорго так жооптор алынганын, натыйжада Жеңижок алабукалык Наркул уулу Нурмолдо менен эмес, аксуулук (аксылык) Базар уулу Нурмолдо менен айтышып, аны жеңгендиги жөнүндө өз макаламда белгилегем. Ошол 25-октябрдагы илимий конференциянын соңунда юбиляр Э.Отунчиев өзү сүйлөп, айтылган маселелер боюнча жеке оюн билдирип, айрым суроолорго жооп берип, ошондо мен кайрылган Жеңижок маселеси жөнүндө да кеңири түшүнүк берип, натыйжада кыргыз коомчулугу соңку мезгилде китеп окубай калганын айтып, ал жазган Жеңижок маселеси (“Жеңижок” романы) дагы эле болсо мурункудай кабылданып, айрым адамдар өткөн тарыхты атайын бурмалап түшүндүрүүгө барып жатканын, ошондон улам 2021-жылы “Жеңижок жөнүндөгү жел сөздөр кайдан чыккан?” деген китеп жазууга аргасыз болгонун айтты. Мен да анда бул китеп менен тааныш эмес элем, иш-чара аяктап, биз бери карай жолго чыгар маалда бул жактан баргандардын өтүнүчү боюнча Элүүбай ага ошол китебинен алдырып, бизге таратып берди да, бүгүнкү козголгон айрым суроолорго жооптор ушул китепте бар экенин, эгер ылайык келсе мында айтылгандарды илимий чөйрөгө жеткирип, кыргыз коомчулугуна кабарлап коюу өтүнүчүн аманат катары билдирген эле. Юбилярдын бул өтүнүчүн орундатуу убактысы ушул жылдын (2025-ж.) март айынын аягына туура келди. Мындан эртерээк болсо да жаман болбос эле, бирок биздеги окуу процессине байланыштуу жумуштар буга мүмкүнчүлүк бербеди. Менин Элүүбай аганын гезитке жарыяланган макаласы боюнча айтар маалыматым ушул.
Эми журналист Б.Таштаналиев менен эл жазуучусу Э.Отунчиевдин ортосунда жүрүп жаткан Эсенаман жана Жеңижок маселесине келсем, анда “Айтылган сөз – атылган ок” экенин эстеп, өткөн айтыштын маани-мазмунун кайра баштан оңдоп, аны ким кандай кааласа ошондой нукка салуу азыр кыйын экенин айтмакчымын. “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” демекчи, журналист Болот Таштаналиевдин өз тууганы Эсенаманга бүгүн күйүп, анын Жеңижок ырчыдан жеңилгенин моюндагысы келбей, элди ашыкча убаракерчиликке кириптер кылып отурушу чынында уят иш. Эгер чын эле ошол илгерки өткөн айтышта Бокем (Б.Таштаналиев) айткандай Жеңижок жеңбей эле, тескерисинче, бабасы Эсенаман ырчы жеңишке жетишкен болсо, ошондой ынанымдуу далилдерин ортого салып, ошол өткөн доордун оор өксүгү катары ар тараптуу фактылар менен эмнеге мурда (жазуучу Э.Отунчиевдин 2015-жылы “Жеңижок” романы, 2021-жылы жогорудагы аталган эмгеги жазылып, жарык көргөнгө чейин) чыккан жок? Эгемендүүлүктүн келгенине отуз төрт жылдын жүзү болууда, ушул мезгилге чейин Бокем азыркы айтып жаткан тарыхый таберигин (ал чын эле ошондой мааниге ээ болсо) эмне үчүн жарыялаган жок? Анан калса, сөз маанисин, айтыш жанрынын табиятын жакшы түшүнгөн акын катары биздин Боке эзелтен келе жаткан элдик нарктуулукту эсинен чыгарбаш керек эле. Андай акындык нарктуулукту мен азырынча Бокемен көрбөй турам. Ага жан тартып, тарапташ болуп жаткандарга да мен ушуну айтмакчымын. Албетте, кыргыз ырчылар чыгармачылыгындагы тактоону талап кылган мындай жагдайлар бир эле Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы менен бүтпөйт. Мындай тактоону талап кылган кыргыз ырчыларынын өмүр-тагдыры улуттук адабиятыбыздын тарыхында ондоп саналат. Азыркы биздин алдыбыздагы милдет – куру демогогияны токтотуп, акын-ырчыларды жер-жерге бөлбөй, тууганчыл-трайбалисттик көз караштан эмес, чыныгы илимий-тарыхый аспектиден мамиле жасоо зарылчылыгы турат. Мен жалпы коомчулуктун көңүлүн ушул иштерге буруу менен эски жараны жаңыртпай, жаңыга карай бет алып, ынтымак менен иш кылууга чакырат элем.
Бакыт Баймырзаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кыргыз адабияты кафедрасынын доценти
"Азия Ньюс" гезити











