Жанар Кадыралиев, астролог: “Атамбаев абактан чыгып, Равшанга негизги штурвал тийет”
-- Жанар мырза, сен болжогон күз айлары келди. Кыргыз саясаты тууралуу айта турган кебиң бардыр?
-- Кыргыз саясаты сентябрдан декабрь айына чейин чыңалуу абалында өтөрү тууралуу мурунку маегибизде айтканбыз. Айткандай эле сентябрь айларында башталды. Алдыда дагы үч ай бар. Алар деле тынч болбосу анык. Күтүүсүз окуялар байма-бай катталышы жашыруун эмес. Жеке адамдардан Алмазбек Атамбаевге байланыштуу меркурий планетасында 9-7-сектор аркылуу активдешүү жагы жакшы байкалат. Күндүзгү саат 12ден кечки 9га чейинки убакытысын талдаганымда, бу киши күндүзгү саат 3төн 10 мүнөт өткөндө төрөлгөнү аныкталып атат. Эгер ушу сандар дал келген болсо, Алмазбек Атамбаев жакында, октябрь-ноябрь айларында боштондукка чыгышы күтүлүүдө. Бул биринчи фазасындагы ыктымалдуулук. Ал эми бул убакытта чыкпаса кийинки жылдын март айларына калып калат. Бул жылдын аягы, кийинки жылдын башында космостук 6-7 вибрация күтүлүүдө. Мындан сырткары, бул бийлик Атамбаевдин оорусу катуу экенине анча ишенбей атат. А чын-чынына келгенде “Кара ай” деген астрологияда термин бар. Ошо “Кара ай” 4-секторго жайгашкан. Мындайча айтканда, өмүрдүн башталышы жана аягы. Тезирээк чыгарышпаса, аягы өлүм менен бүтүп калышына толук негиз бар. Анда бул бийлик жооптуу болуп, элге жаман көрүнүп кала берет.
-- Сөзүбүз Атамбаев жакка бурулуп кетти. Бу кишинин тарапташтарынан кыйын кезде кимдер колуна кол, бутуна бут болуп бере алат?
-- Бул адамды камактан чыгарып кетүү үчүн саясатчылардан меркурий жылдызынын башкаруусундагы гана адамдар жардам бере алары анык. Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов, Азимбек Бекназаров, Алтынбек Сулаймановдордун колдоосу жакшы болсо, анда иттен оңой чыгып кетет. 7-сектордогу нике өнөктөшү катары Раиса айымдын колдоосу да өзгөчө роль ойнойт. 9-сектордо жайгашкан чет элдик өнөктөштөрдүн жардамы жаман эмес.
-- Алмазбек Атамбаев камактан чыгып калса, азыркы бийликке болгон таарынычын унутабы же өч алуу жагын көздөйбү?
-- Азыркы бийликке, анын ичинде Садыр Жапаровго болгон таарынычын тез эле унутат. Ал эми Жээнбековдорго, анын ичинде Асылбекке болгон ызасы көпкө созулат, өчпөйт. Муну жылдыздар тараза ташына салганда көрүнүп атат. Атамбаевдин саясаттагы кадыр-баркы тез аранын ичинде көтөрүлөт. Албетте, ары карап кетпесе дегеним...
-- Мынча болду, жогорудагы саясатчылардын кээ бирине токтоло кет, кимисинин ташы качан өйдө кулай баштайт?
-- Атамбаев камактан чыккан күндөн баштап, Равшан Жээнбековго негизги штурвалдын бири тийет. Курсан Асановго оомат бир же эки жылдан кийин келери да анык көргөзүлүп, эң таасирдүү фигуралардын бирине айланат. Болду, азырынча ушулар жетиштүү...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити