Марлен Маматалиев: “Вице-спикерлерди алмаштыруунун эки эле жолу бар”


-- Марлен мырза, спикер алмашканда кээ бир депутаттар “анын орун басарлары да алмашууга тийиш. Команда болуп келдиңерби, кайра кеткенде да чогуу кеткиле” деген сунушту айтышты эле. Бул маселе бүгүн да кайра көтөрүлдү. Кандай дейсиз, вице-спикерлер алмашышы керекпи?
-- Ага ынанбай коюшту. Андай нерсе регламент жөнүндөгү мыйзамда да жазылбаптыр. Вице-спикерлерди алмаштыруунун эки эле жолу бар: фракциянын тигил же бул жагдай боюнча алмаштырабыз деген сунушу болуш керек, же вице-спикерлер өз ыктыяры менен арыз жазса. Мисалы, бүгүн вице-спикер Улан Примов өзү арыз жазып, кызматын тапшырды. Андан сырткары, фракция лидери болгондугуна байланыштуу мен Бакыт Сыдыков комитеттин төрагалыгын өткөрүп берип, жаңы шайлоо болушун сунуш кылдым.
-- Орун басарлардын баары алмашмай болдубу ошондо?
-- Жок, бирөө эле алмашат. Анткени, алар “Мекенчил” деген топ түзүп, спикер ошол топтон болуп калды. “Ата Журттан” бир орун басар калышы керек деген жүйө менен бир вице-спикер калып атат.
"Азия Ньюс" гезити











