Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев шайлоого күүлүү чыкты, аягы кантет?

Марлен Маматалиев шайлоого күүлүү чыкты, аягы кантет?

09-сентябрь, 11:41
1 434 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ынтымак” партиясын парламенттик шайлоого алып чыккан Марлен Маматалиев Кыргызстандын көпчүлүк аймактарынан тизмеге кирчү талапкерлерин тактап, бекитип, болгону Чүй облусунун айрым округдарынан гана үзөңгүлөштөрдү таба элек экен. Учурда саясый сукбаттар кызуу жүрүп атканын эшиттик. 

Айрым билермандардын баамында, “Ынтымак” партиясынын бюджети толуп, капчыктуу талапкерлер да арбын катталыптыр. Марлен Маматалиев бизнестен депутаттык кызматка келген, учурда саясаттын ой-кырын өздөштүрүп калган лидерлердин катарын толуктайт. Атасы Абдырахман Маматалиев тээ Аскар Акаевдин доорунан бери келаткан белгилүү чиновник. 

Баардык жагынан жипке тизген шурудай көрүнгөнү менен бир түшүнүксүз жагдайды эске алалы. Жакында өткөн Ош шаардык кеңешиндеги шайлоодо “Ынтымак” партиясы жакшы эле аламанга кошулуп, элдин колдоосуна арзып калган чакта, эмне үчүн жарыштан чыгып калды? Марлен мырза аягына чейин күрөшпөй койду го... Кандай сырлар бар? Алдыдагы парламенттик шайлоодо да алкынып атып, кетенчиктеп кетпейби?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер