Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Султанов менен Айтбаев кутулуп кетишеби? 25 кылмыш иштин таржымалы боюнча...

Султанов менен Айтбаев кутулуп кетишеби? 25 кылмыш иштин таржымалы боюнча...

20-сентябрь, 15:44
828 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Октябрь РИИБнин жетекчилигине, кызматкерлерине башкы прокуратура 25 кылмыш ишин козгоп, тергөө башталган. Бир канча ай өткөндөн кийин кызык жагдай орун алды. Күтүп аткан коомчулуктун үмүтүнө суу себилгендей болду. Башкы прокуратура милицияларга байланышкан 25 кылмыш ишин ИИМдин тергөө башкы башкармалыгына өткөрүп салганы кабарланды. Кандайча түшүнөбүз? Бир кездеги Октябрь РИИБнин начальниги Улан Султановго, орун басары Улан Айтбаевге байланышкан “былыктар” жең ичинен бүткөрүлгөнү калдыбы? Дал ушул эки МЕНТтин жетекчилиги астында жасалма кылмыш иштер козголуп, көз будамайлоо, фальсификация жасалганы маалымдалган. Мамлекетти алдоо эмес беле? Эми баары көз ымдоо менен тамамдалганы калды окшойт. ИИМдин тергөө башкы башкармалыгы 25 кылмыш ишин кыскартып салары шексиз. Ошондо Султанов менен Айтбаев суудан кургак чыгып, баягы эле эски системанын “калдыктары” катары сакталып калышмакчы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер