Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ишенбай Кадырбеков: “Кумтөр маселесин чече турган бир гана жол бар – улутташтыруу керек”

Ишенбай Кадырбеков: “Кумтөр маселесин чече турган бир гана жол бар – улутташтыруу керек”

23-июль, 21:26
1 665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Сиз Кумтөрдү улутташтыруу маселесин көтөрүп келүүдөсүз. Улутташтыруу тууралуу кененирээк оюңузду уксак? Бул кадамдан “Центерра” бизге компенсация төлөп бере алабы?

-- Дүйнөлүк практикада улутташтыруу маселелери эл аралык сотто каралган учурлар болгон эмес. Улутташтыруу мыйзам менен кабыл алынып, ал эл өкүлү катары парламент тарабынан ратификацияланган. Эгемендүү мамлекетте мыйзамдарды кабыл алууну бир дагы арбитраж “мыйзамсыз иш” деп эсептей албайт. Ошондуктан, дүйнөдө улутташтырууга каршы бир дагы соттук процесс болгон эмес. Сотто компенсациянын көлөмүнө байланыштуу гана маселе болушу мүмкүн.

Ошол эле учурда БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы бар, анда “улутташтырылган учурда компенсация маселеси жергиликтүү сот тарабынан жана мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каралат” деп жазылган. Биз «Кумтөр Голд Компани» ишканасын улутташтырганда, «Центерра» бизге эсебин жазып берсин. Биз дагы баардык бухгалтердик эсепти чогултуп, чыгымдарды эсептеп, андан жоголгон каражаттарыбызды, айлана-чөйрөнү коргоого кеткен каражаттарды жана башкаларды чыгарып, калганын төлөп беребиз. Улутташтыруу деген ушул.

-- Бүгүнкү бийликтин Кумтөрдү улутташтырууга ою кандай?

-- Мен “Кумтөрдү улутташтыруу керек” деп айтып жатам. Бүгүнкү бийлик болсо “жок, компанияны ич ара башкарабыз” деп жатышат. Кумтөр маселесин чече турган бир гана жол бар – улутташтыруу керек. Башка жол жок. Эгерде 2009-жылкы келишимди бузсак, арбитраждык соттон уттурабыз. Келишимди бир тараптуу бузганда экинчи тарап уттуруп коёт. Ошондуктан, бир гана арбитраждык сот карабаш үчүн, маселе дүйнөлүк деңгээлде чечилиши үчүн бир гана улутташтыруу маселеси чечилиши зарыл. Азыркы бул акыбалга алып келгендердин жоопко тартылып жатканын толук колдойм. Бүгүнкү кыйын акыбалга алып келгендер жоопко тартылбаса, дүйнөлүк арбитраждык соттор да түшүнбөй калышат. Көрүлүп жаткан чараларды толугу менен колдойм. 

-- УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Акаев, Бакиевге да издөө салганын жарыялады...

-- Өзгөчө ушул эки адамдын учурунда иштеген өкмөт мүчөлөрү мыйзамдарга кол коюп беришкен. Алетте, жооп берүүлөрү керек.

Эгерде 2003-жылкы, 2009-жылкы келишимдер коррупциялык схема менен болгону далилденсе, дүйнөлүк арбитраждык сот дагы көңүлүнө алат. Коррупциялык схема менен түзүлгөн келишимдер эл аралык деңгээлде жакшы кабыл алынбайт. Биздин бийлик ушул жол менен бара жаткандай. Бул эки келишим биздин бийликте тургандардын жана “Центерранын” корупциялык негиз менен жасагандарын далилдеп, тийешелүү адамдарды жоопко тартып, маселени чечели (!) деген дагы жакшы вариант. Бирок бул көп жылдарга созула турган иш. Тынымсыз соттор, апелляция болот. Кумтөр болсо талкаланып баратат. Ошондуктан улутташтырып, бул маселени тез арада чечиш керек. 

30 жыл ичинде Кыргызстан өзүнүн байлыгына ээ болгон жок, баардык алтындар чет өлкөгө “агып” кетти, ошол эле учурда Кыргызстандын экологиясына орду толгус зыян келтирилди. Учурда Кумтөр кени иштеп жатат. Процесс улана бермекчи. Кен байлыктар, ошондой эле алтын кендери Кыргызстандын Конституциясына ылайык, анын өзгөчө менчиги болуп саналат. Кумтөрдүн айланасындагы афёралардын ачыкка чыгышы – Кыргызстандын каржы көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер