Уран Рыскулов, серепчи: “Талаштуу жерлерге мэр эмес, сот чечим чыгарса туура”

-- Уран байке, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынын жерине салынган 198 объект сүрдүрүлө турганын, 124-токтом жокко чыгарын билдирди. Бул кадамы колдоого татыйбы же бүтүн үйлөрдү бүлүндүрүү менен жат көрүнүштөргө жол чабабы?
-- Айбек Жунушалиевдин 124-токтомду өзүнүн чечими менен жокко чыгарганы чынында мыйзамсыз болуп калат. Тагыраагы, мэрдин бул аракети ырааттуулукка алып келбей, тескерисинче, өзүм билемдик кылып атканын айгинелейт. Айтайын дегеним, акыркы мезгилде кыргыздар туура эмес жолго түшүп алдык. Ким кызматка келсе эле мурунку жетекчинин чечимдерин жокко чыгарып, өзүнүкүн “туура” дей берет. Айбек Жунушалиев мыйзам талаасынан алыстап, мурдагы токтомду жокко чыгарып, “салынган үйлөрдү сүрдүрөм” деп шымаланганы чоң катачылык. Маселен, ар бир токтомду ошол кездеги мэрлер чыгарып, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары колдоп, юстиция министрлигинен каралган. Кыскасы, ушундай чоң процедурадан өтүп, анан ишке ашат. Мына ошондой мыйзамдуу жолду басып өткөн токтомду оңой эле жокко чыгаруусу калпыс. Ал маселеге мэр эмес, сот чечим чыгарышы керек. Тагыраагы, сот чечиши керек.
-- Бирок, мэр ал жер мыйзамсыз берилген, ошону мамлекетке кайтарып алуу аракети болуп атканын түшүндүрүп жатат го?
-- Туура. Ал токтом убагында туура эмес чыккандыр. Ага мен да ишенем. “Бармак басты, көз кысты” болуп калган. Парктын аянты кыскарып, жери кертилип берилип кеткен. Кейигеним, Айбек Жунушалиев мыйзамсыз берилген жерлерди татаалдаштырып, “үйлөрдү сүрдүрөм, жашоочуларга билдирүү барат” дегени акылга сыйбайт. Аныгында, жердин берилгенине көп жыл болгону, иштин мөөнөтү өткөнү, участоктор колдон колго сатылганы, о.э. амнистия дагы көңүл сыртында калбашы шарт. Тагыраагы, үйлөр соттун чечимисиз сүрдүрүлбөшү керек.
-- Эгерде үйлөр сүрдүрүлүп салына турган болсо, парктын чекесин кертип саткан мэрлер да жоопко тартылышы керекпи?
-- Адегенде Ататүрк паркына караштуу жерлерди мыйзам талаасына алып келишибиз керек. Ал үчүн бул маселе боюнча соттук териштирүү болушу зарыл. Андан соң мыйзамсыз чечим чыгарууну аныктап, ким кызыл китеп чыгарып бергенине жараша жоопкерчиликке тартылышы туура.
-- Жер колдон-колго өтүп кетсе, мэрдин бул чечими азыркы жашап жаткандардын тынчтыгын, укугун бузбайбы?
-- Андай болсо, алардын тынчтыгы, укугу бузулат. Биз бүгүн 20-30 жыл мурдагы калпыс ишти мыйзамдаштырабыз деп башкалардын мүлкүнө, менчигине доо кетирбейли. Ошон үчүн өтө дыкаттык менен караш керек. Чын эле ал жерлерди өкмөткө кайтаруу аракети кызыкчылык жаратса, көп тармактуу комиссия түзүп, курамына юстиция министрлигинен, парламенттен, прокуратурадан, күч органдарынан, мэриянын кызматкерлеринен, коомдук уюмдардан, журналисттерден кириши керек. Мына ошол комиссия дыкат иликтеп, тактап туруп бир бүтүмгө келсе, ага катар соттун чечими чыкса, мэрдин “сүрдүрүп салам” дегенине караганда мыйзамдуу талаага жакын иш болмок.
"Азия Ньюс" гезити