Кыздар, “жашмын, сулуумун” деп бирөөнүн акысын жебегиле


Көп жылдар бою «бир аз дагы иштейин, акча топтоп алайын» деп жүрүп, үй-бүлө курууну күн артынан күнгө жылдырып коюптурмун. Эмгектенип жүрүп, эки үйдүн ээси болдум. Машине алдым, бизнесим да өз нугунда жүрүп калды.
Ошол күндөрдүн биринде интернеттен бир кыз менен таанышып, сүйлөшө баштадык. Башында баары жөнөкөй, адамгерчиликтүү көрүнгөн. «Баарынан мурда жөнөкөйлүк, инсанда тазалык болсун» деген сөзүнө ишенип да калдым. Качан акча сураса акча бердим. Акыркы үлгүдөгү iPhone 17 сураганда да иштеп табам да деп алып бердим.
Жолуктук, сүйлөштүк… бирок күтүүсүз жерден «мен сизге тийбейм» деген бойдон жок болуп кетти.
Ал кыз тууралуу ойлонуп отуруп, бир нерсени түшүндүм. Акча табылат, эмгек менен келет, бирок адамдын абийири, эки жүздүүлүгү өзү менен кошо акыретке кетет.
Кыздарга да айтарым бар. “Жашмын, сулуумун” деп бирөөнүн акысын жебегиле. Эртең силер да эне болосуңар, кыз төрөйсүңөр. Тирүүлүктө баары айланып кайтып келет. Жакшылык да, жамандык да кайтып келет.
Эч качан таза жүрөк менен мамиле кылган адамды алдабагыла. “Намаз окуйм” деп, динди бетке кармап, бирок бирөөнүн ишенимин сындырбагыла. Анткени баары кайтып келет, акыры баары таразаланат.
Мен акчамды кайра табам. Бирок силердин абийириңер, карызыңар мойнуңарда калат?
Алтынбек











