Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөгөн Келдибаев: “Ош мэриясы Ахматбек Келдибековго байланыштуу жалган маалымат таратууда”

Төлөгөн Келдибаев: “Ош мэриясы Ахматбек Келдибековго байланыштуу жалган маалымат таратууда”

09-август, 23:57
2 290 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул саам “Тилектештик” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаев Ош шаарынын мэриясы тарабынан такталбаган маалыматтар тарап атканын эскертип, өз чындыгын ачыктады. “Чапкан сайын эле көз чыга бербейт” дечү эле, туурабы? Акыры акыйкат айтылат тура.


-- Ош шаарында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, экс-депутат Урмат Аманбаева жана мурдагы салык кызматкери Эрмек Чоюновго таандык мыйзамсыз курулуштар бузулганы айтылды. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-- Ош шаарында бузулуп жаткан курулуштардын баарын “мыйзамсыз курулуштар” деп айтуу туура эмес. “Мурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековдун “Байсан” рестораны бузулуп жатат” дегени жалган. Ал ресторан Ош шаарынын Насирдин Исанов көчөсү №52 даректе турат, Абдипайизова Адалат деген жеке ишкер аялга карайт экен. Мындай такталбаган маалыматтарды Ош шаарынын мэриясынын маалымат катчылары таркатпашы керек. Ошондой эле “Ош шаарында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, экс-депутат Урмат Аманбаева жана мурдагы салык кызматкери Эрмек Чоюновго таандык мыйзамсыз курулуштар бузулууда” деген да калп. Алар өздөрүнө таандык мүлктөрүн укуктук жактан же архитектура-курулуш жөнүндө мыйзамдарга ылайык уруксат кагаздары болгон да. Мыйзамсыз курулуш кургудай алар жөнөкөй адамдар эмес.

-- Оштун мэри кантип иштеш керек экенин көрсөтүп жатабы? 

-- Ош мэринин аткарган иштеринин 50%ы мыйзамдуу болсо, 50%ы мыйзамсыз. Тактап айтканда, Ош шаарынын борбордук базарынын ичиндеги менчик базарларды, имараттарды күч менен мажбурлап буздуруу иштери – бул оор кылмыш. Эми ал жерлерди трактор менен сүрдүрүп, тегиздеп салды. Натыйжада, жеке менчик жүздөгөн кызыл китеби бар (гос акты) ишкерлердин жерлерине кантип мамлекеттен акча жумшап, парк же сквер курат?

Бизде менчикти коргош үчүн көз карандысыз сот системасын түзүү, бирөөлөрдүн мүлкүн талкалоочулардан коргоо жагын күчөтүү керек. Көз карандысыз бизнесомбудсмен институтун түптөө жана башка бир топ аракеттерди көрүү зарыл. Башмыйзамдын 15-беренесинде менчик – кол тийгис деген берене кагазда гана калып калбасын да. 

-- Баса, тарыхый мурас тизмесине кирген имараттарды бузуу менен улуттук баалуулуктарыбызга шек келтирип, убактылуу бизнес кызыкчылыктарга азгырылып, тамырыбызды кыркып аткан жокпузбу?

-- Кыргыз Республикасынын аймагындагы эл үчүн уникалдуу баалуулук болгон тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, пайдалануу жагындагы укуктук ченемдерди белгилеген мыйзам кабыл алынган. Мыйзам баардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо, пайдалануу жагындагы алардын укуктарын, милдеттерин аныктайт. Тарыхый-маданий мурастарды сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийликтин, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле жеке адамдардын эл алдындагы укуктарын жана милдеттери белгиленген мыйзам менен.

Тарыхый-маданий мурастарды коргоо, пайдалануу жөнүндө мыйзамдын 4-статьясында: “Тарыхый-маданий мурас объекттеринин түрлөрү кыймылсыз жана кыймылдуу (бүтүндөй же белгиленген бөлүгүндө) материалдык тарыхый күбөлөр. Кыймылсыз, анын ичинде:

-- тарыхый эстеликтер: элдин турмушундагы эң маанилүү тарыхый окуяларга, коом менен мамлекеттин өнүгүшүнө, илим-техникага, элдин маданияты, турмуш-тиричилигине, ошондой эле республиканын көрүнүктүү ишмерлеринин өмүрүнө байланышкан имараттар, курулуштар, мемориалдык жерлер, тарыхый көрүстөндөр жана мемориалдар;

-- археологиялык эстеликтер: үңкүрлөр, конуштар, чалдыбарлар, дөбөлөр, төрткүлдөр, жер үстүндөгү, суу алдындагы байыркы кыштактардын, чыңдоолордун, чеп курулуштарынын калдыктары, байыркы өндүрүштөр жана кендер, каналдар менен сугат тармактары, жолдор, көпүрөлөр, айрым коргондор, көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр, жазуулар кирет” деп жазылган.

Эми тарыхый мурас тизмесинен жогорудагы мыйзамда көрсөтүлбөгөндөр болсо, бузганга мыйзам жол берет.  


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер