Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Украинага чет жактан келчү жалданма согушкерлердин саны азаюуда

Украинага чет жактан келчү жалданма согушкерлердин саны азаюуда

10-август, 13:26
470 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Украинада башка өлкөдөн келген 335 согушкер жок кылынды, ошол эле учурда 389у өз ыктыяры менен өлкөдөн кайра чыгып кетти. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.

Министрлик Украинага согуштук аракеттерге катышуу үчүн чет жактан келген жалданма аскерлер менен адистерге байкоо салууну улантууда. 8-июлдан 5-августка чейин Россия Куралдуу күчтөрүнүн жана ДЭР, ЛЭР элдик милициясынын чабуулунун натыйжасында жалданма аскерлердин саны 2741ден 2192ге чейин кыскарган.

"Соңку төрт жуманын аралыгында Канададан келген 36, румыниялык 33, америкалык 21 согушкер жок кылынды. Мурдагыдай эле Польшадан келгендер көп катталууда, 99 жалданма аскер өлтүрүлүп, 146сы чыгып кеткен. Атайын операция башталгандан бери Украинага 1837 польшалык келген, анын ичинен 643ү жок кылынып, 493ү кайра өз өлкөсүнө кеткен", — деп билдирди РФ Коргоо министрлиги.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер