Акыркы кабарлар
» Коом » Мас айдоочу эми 10 жылга кесилиши мүмкүн
Мас айдоочу эми 10 жылга кесилиши мүмкүн
05-май, 17:43


Кыргызстанда ичип алып унаа айдаган айдоочуларга жаза күчөтүлөт. Жол милициясы билдиргендей, Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорун үч окууда жактырып, президенттин кароосуна жөнөткөн.
Учурда мас айдоочулар 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, 3 жылдан 10 жылга чейин унаа айдай албайт. Ал эми адамдар жаракат алса же каза тапса, анда айыпкер 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Жол милициясы акыркы жылдары мас айдоочулардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны кескин көбөйгөнүн билдирди. Бул жагдай жаза чараларын күчөтүүгө негиз болгон.











