Салымбеков университети медицина кызматкерлерин даярдоого жарабайбы?

Негизи Аскар Салымбеков медицина тармагына тийешеси жок. Бул базардан көтөрүлгөн да. Шыгы бар экен, бизнесин көп тармактуу багытта алып келатат. Салыгын жашырбаса иштей берсин, жумушчу орундарды түзгөн сайын кирешеси көбөйөт эмеспи. Бирок, бир түшүнүксүз жагдайга токтолу. Өзү Салымбеков университетин ачып, медицина кызматкерлерин даярдоого батыл киришкен. Учурда студенттерди кабыл алуу үчүн кооз маанайда жарнама жасатып, жаштарды азгырууда. Окуу жайда кандай билим берет, профессионал кадрларды даярдоо жагынан деңгээлдери талапка ылайыкпы? Бул жагынан суроолор арбын. Элдин саламаттыгын сактоо, дарылоо тамаша эмес да. Башкасы бүтүп, эми ушул ден соолукту да бизнеске айландырганын кандайча түшүнөбүз? Эгерде университет ачкысы келсе, өмүргө коркунучу тийбеген, бизнес, спорт, өнөр ж.б. өңүтүнөн кадрларды даярдоого багыт албайт беле? Таңгаласың. Интеллигенция, агартуу тармагындагылар Салымбеков университети боюнча талкуулашып, анчейин жактырбай жатышканы кандай? Баары бүтүп, эми адам өмүрүнө коркунуч жаратуу менен “базарчылыгын” өркүндөтөбү? Үшкүрөсүң да...
"Азия Ньюс" гезити