Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тимур Саралаев: «Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер Рахмондун жалданма башкесерлери»

Тимур Саралаев: «Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер Рахмондун жалданма башкесерлери»

19-сентябрь, 16:47
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер Рахмондун жалданма баш кесерлери. Анткени, жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, башаламан болушуп, акыры кырылышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда, NazarNews маалымат агенттигине Тимур Саралаев билдирди.

«Соңку күндөрдүн окуялары ар тараптуу иликтөөлөрдү жана терең анализдөөлөрдү талап кылышы талашсыз, ага бир аз убакыт керек. Ал эми азыркы маалда болуп жаткан көрүнүштөр чоң суроолор катары оркоюп чыгып турат. 

Өлкөбүздүн бүтүндүгүн бузуп кирип келгендер кимдер: тажик аскери, же Рахмондун жалданма баш кесерлериби?! Менимче, жалданмалар, анткени ошолор гана гумандуулукту түшүнбөйт, кабыл албайт, жалданмалар гана мыкаачылык, террорчулук, каракчылык кылышат. Жалданма жапайылардын гана ынтымагы жок, бири-бирин угушпайт, башаламан болушуп, акыры кырылышат. Аларга салыштырмалуу биздин жоокерлер тартип менен согушуп, өз мекенин коргошту.

Бирок кимиси болбосун, аскериби, же Рахмондун аскерлериби, Кыргызстанды талкалап, басып алалы деген эле максаттары болгону анык, Дүйнө коомчулугу деле аны көрүп турат. Кандай гана болбосун, аскердик техникаларды бекемдеп албаганда, басып кирип кетмек экен.

Мисалы, мурун алган «Байрактар» ишке жараганы талашсыз, душмандын 2 «Град» системасын ж.б. талкалап салганын көрүнүп турат. Аларда «беспилотниктер» жок болгону да биздин жоокерлерге жардам берди. Буга чейин аздыр-көптүр техниканы бекемдеген үчүн коргонуп калдык, бирок муну менен токтобош керек, мындан да көп техника алуу маселеси мамлекетэл үчүн биринчи маселе болуш керек, орустар айткандай«хочешь мира – готовься к войне».

Тилекке каршы, бизде 59 адам каза болду, тажиктерде 300дон ашык адам кырылыптыр деген расмий эмес маалымат келди. Диктатордук мамлекетте албетте жоготуулар жашырылып-айтылбайт. Алар биринчи кол салып, көп чыгымга учурап, алыска (50 чакырым) атуучу техникасы, бронетехникалары, танктары талкаланды. Элибиздин күчү ынтымакта экени дагы бир ирет тастыкталды» деди ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер