Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова жөн жерден Канат Жумагазиевге ашык болбосо керек...

Атыр Абдрахматова жөн жерден Канат Жумагазиевге ашык болбосо керек...

25-август, 13:06
14 700 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Ысык-Көл ОИИБнин жетекчиси Жумагазиев Канат Сагыновичке терең ыраазычылык! Ачык, жеткиликтүү, жөнөкөй болгонуна, ыкчам, адискөй реакция кылып, чогуу иштешип, кызматташканына. Көз тийбесин...” деп акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасынан алкоо сөздөрүн жазыптыр. Чындыгында эле Канат Жумагазиев кыраакы, көп ашууларды басып өткөн, дасыккан кадр. Ал 30 жашынан жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бир канча РИИБлерге начальник, Чүй, Бишкектин башкы милициясы, республикалык жол кайгуул кызматын жана ИИМдин 10-башкармалыгын жетектеген. Учурда Ысык-Көл ОИИБни татыктуу түрдө тескеп, облустун жүгүн көтөрүп аткан чагы. Каарман полковникке карата көралбастар дайыма бут тосууга, жалган маалымат менен жогору жакты адаштырууга далалат кылып келатышат. А чындыгында, Канат мырза кесибин сүйгөн, чынчыл, элге ак кызматын аябаган профессионал адис. Коомдук коопсуздук кырдаалды алдын алуу менен көптөгөн профилактикалык иштерди ырааттуу жүргүзүп, кылмыштуулуктун кендирин кесүүгө маш. Ошол эле кезде чарбалык жумуштарды да бирдей алып келет. Кайсы жерде иштебесин, жаңычылдыкка, изденүүгө батыл киришип, алпурушканын байкайбыз. Идеяга бай, заманбап технологияга, санарипке басым жасайт. Айтор, айта берсек артыкчылыктары арбын. Жөн жерден Атыр Абдрахматова ашык болуп жатпаса керек да-а... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер