Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавируска чалдыккан адам “ажы той” берүүгө жетишкен
Коронавируска чалдыккан адам “ажы той” берүүгө жетишкен
18-март, 14:31
7 192 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстанда коронавирус оорусу аныкталган үч жарандын бири Сузак районунун Бостон айылынын 1974-жылы туулган К.Х. аттуу тургуну. Анын төрт баласы бар. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айыл өкмөт башчы Сабитжан Халбаев билдирген:
“Бул жаран айылга 13-мартта келген. Азыр айылга өзгөчө кырдаал жарыяланып, үйлөрдөн чыгууга тыюу салынды. Коронавируска кабылган бул жарандын үйү курчоого алынды. Умрадан келгенден кийин 100-150дөй адамга «ажы той» берген. Азыр мен тойго катышкан 21 адамдын аты-жөнүн аныктадым, алар карантинге алынды” деп билдирди айыл өкмөт башчы.