Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алыкул Осмоновдун эмгек ырларынын этикалык-эстетикалык күчү

Алыкул Осмоновдун эмгек ырларынын этикалык-эстетикалык күчү

02-июнь, 21:52
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(«Өндүрүштүк теманы» өлбөс кылган талант) 

Райкан Шүкүрбеков кыргыз поэзиясында бир кезде орун алган (азыр да уланып жаткан) Ала-Тоо, Ата журт жөнүндөгү көнүмүшкө айланган куру чечендикке, жасалма жалынып-жалбарууларга, тавтологияга каршы чыгып, мындай кургак риторикага төмөндөгүчө пародия жазган:

«Көгүң сонун Ала-Тоо,

Чөбүң сонун Ала-Тоо,

Өзүң сонун Ала-Тоо,

Сөзүң сонун Ала-Тоо,

Элиң сонун Ала-Тоо,

Демиң сонун Ала-Тоо,

Карагайың жаркылдап,

Кайнар булак Ала-Тоо,

Ала-Ала-Ала-Тоо,

Тоо-Тоо-Тоо,

Оо-Оо-Оо...» 

30-жылдардын аягында, 40-жылдардын башында дүйнөлүк адабият менен чындап таанышып, анын кээ бир атактуу үлгүлөрүн кыргызчага которуп, белгилүү даражада классиканын мектебинен өткөндөн кийин Алыкул Осмонов поэзиянын кайсы жанрында болбосун адабияттагы өйдөкүгө окшогон тапталган жолдордон, ырдагы декларативдүүлүктөн, агитациялык чакырыктардан, түздөн-түз айтылган дидактикадан өзүн оолак кармап калган. 40-жылдардын башында акын жубайы Зейнеп Сооронбаевага «башкалардай жазууну каалабайм» деп бекеринен айткан эмес. Ушул сөз А.Осмоновдун эстетикалык аң-сезиминде терең өзгөрүү болуп өткөнүн астыртан күбөлөп турат. Ал эми 40-жылдардагы чыгармачылык практикасы акындын жазуу стилинин, ырдоо манерасынын, поэтикалык ойлоо образынын, дүйнө кабылдоосунун жаңырганын, индивидуалдашканын ачык көргөзүп турат. Алыкул Осмонов ыр, поэмаларында ойду түздөн-түз декларациялап айтуудан идеяны өтмө мааниде каймана туюндурган метаформалуу чагылтууга, образ, боёк, сүрөт менен иштөөгө («Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып, ой-кырга дубана албас күмүш чачып», «Кечээ эле тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?», «Неге сен алыс кеткен сапарыңдан, ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?» ж.б.), автордук баяндоодон каарманды психологиялык жактан мүнөздөөгө («Майдын түнү», «Жеңишбек» поэмаларындагы фронтовик Баян менен Миңбай атанын ички санаркоолору), пассивдүү пейсаждан активдүү пейзажга (жаратылыш картиналарынын кейипкердин жандүйнө абалы, маанайы менен үндөштүгү), уйкаштардын сырткы тыбыштык үндөштүгүнөн маанилик айкалышына, ассонанстардын, аллитерациялардын тышкы кооздугунан поэтикалык синтаксисттин эффективдүүлүгүнө, көпчүлүккө белгилүү көнүмүш ойлордон поэтикалык ой жүгүртүүнүн тереңдигине, таптык-саясый түз сызыктуу пафостон турмуш реалдуулугунун чындыктарын шөкөттөөгө, казыналык ой-пикирлердин официалдуулугунан жүрөктөн чыккан сырчыл интонацияга, бир сөз менен айтканда, чыгарманын мазмуну менен формасын шайкеш келтирүү искусствосуна карай секирик жасаган. Алыкул Осмоновдун 40-жылдары кыргыз поэзиясына алып келген новатордук жаңылыгы дал ушунда. Сүйүнбай Эралиев А.Осмоновдун жаш кыргыз адабиятында жасаган революциясы (!) деп дал ушул ийгиликти айтып жатат. 

Ыр токуу процессинде биринчи иретте поэтикалык образдуулукка багыттануу, демек, адабияттын өзүнүн түрдүк спецификасына ориентация жасоо, көркөм дөөлөт жаратууга умтулуу Алыкул Осмоновдун ичтен тутунган эстетикалык принциби болуп калган. Мунун өзү жаңыдан бутуна туруп жаткан адабиятта чыгармачылыктын субъектисинин эрте жетилгендигинин белгиси болчу. Алыкул Осмонов – бул совет бийлигинин маданий революциясынын шартында адабияттын тездетилген өнүгүшүнүн керемет көрүнүшү, ХХ кылымда Батыш, Чыгыш жана көчмөн цивилизациялардын маданияттарынын тогошкон жеринде жаралган феномен.

Алыкул эмгек темасында кыйлалаган ырларды жазган. 30-40-жылдарда боштондукка чыккан жумушчулар менен дыйкандардын социалисттик эмгегин даңазалоо жалпы эле совет адабиятында башкы тематикалык багыттардын бири болгон. Буга компартиянын өзү да чакырып турган, бирок жогоруда Райкан Шүкүрбеков бутага алган Ала-Тоо ырларындагыдай жугумсуз риторика, кызыл-тазыл фразеология, куру шаңданган салтанаттуу пафос, коммунисттик жаратмандык, түзүүчүлүк мээнетке үндөөлөр, чакырыктар эмгек темасындагы поэзияда да аз эмес эле. Маселен, 30-50-жылдарда «Беш жылдыкты төрт жылда» деген партиянын ураанына түздөнгөн: 

«5» деген компартия чийген тамга,

Ыр болуп жүрөгүнө ар бир жанга,

5 эмес, 4кө гана таамайлайлы,

Ат салыш, эмгек кылбай бириң калба. 


Же болбосо: 

Аттангыла, шайыр жаштар күрөшкө,

Комсомолдук сезим болсо жүрөктө!

Большевиктик түшүмгө деп берилген,

Колубузда ачык-айрым путевка!

Кана жаштар, кетмен, күрөк алгыла,

Кыктын баарын арабага салгыла.

Баарың тегиз,

Турбагыла жолдоштор -

Болгула эми,

Турбагыла, Болгула! («Жаштар») деген сыяктуу идеологиялык мазмундагы, чакырык, насыят мүнөзүндөгү эмгек ырлары газета-журналдарда, ыр жыйнактарында аябай мол жарыяланган. Эмгек ырларындарында өзүнчө бир көнүмүштөр, тапталган стереотиптер, штамптар пайда болгон. 

Алыкул Осмоновдун эмгек ырлары ушундай нуктагы поэзияга көркөм альтернатива сыяктуу. Ал өзүнүн эмгек жөнүндөгү ырларын социалдык заказдын талабы менен гана милдетттүүлүктөн улам жазган эмес. Алыкул эмгек ырларын жүрөгүнүн чакырыгы менен жазган. Акын эл аралап иш сапарга чыгып, колхозчулардын, жумушчулардын, чабандардын, кызылчачылардын, кенчилердин, жолчулардын, саанчылардын, чалгычылардын арасында болуп, турмуштун тамыр кагышын сезип, «жүрөк согушун» туюп турган.

Кечээки көчмөндөрдүн отурукташып, кыштакташып, колхоз курушуп, жаңы кесиптерди өздөштүрүшүп, жаңы цивилизацияга бет алышып, жасап жаткан жаратмандык жумуштары, эмгектери, аткарган күжүрмөн иштери акын тарабынан жайдары маанайда оптимисттик мүнөздө кабыл алынып, колхозчуларды, жумушчуларды Алыкул жандили менен жакшы көрүп, урматтап ырга салат. А.Осмонов коомдун кара түйшүгүн көтөргөн жөнөкөй эмгекчи адамдарды жашоонун түркүгү, атланттары деп түшүнүп, аларды «бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы, тазасы, асылы» деп санаган. «Акын атым болбосо, мен да кара жумушчу» деп өзүн алардын катарына коюп, булардын эмгегин «Мен жар салам канатымды каккылап» («Жумушчу»), «Уйчу, койчу, кетменчинин, менмин кымбат акыны» («Мен кыргыздын акыны») деп сыймактануу менен жазат. А.Осмоновдун эмгекчи адамдарга болгон акындык мамилеси өзүнүн терең гуманизми жана демократизми, чын ыкластуулугу менен айырмаланат. Бирок акын жөнөкөй жана кымбат кесиптин ээлерине болгон өзүнүн ысык мамилесин маркум агабыз, чыгаан адабиятчы Салижан Жигитов туура жазгандай, «дүңгүрөгөн салтанаттуу сөздөргө кайрылып кыйкырбайт, урмат-сыйын улам-улам ачык декларация кыла бербейт» (Кыргыз адабиятынын тарыхы. - Бишкек, 2012, 6-том, 439-бет). А.Осмонов эмгек адамдарын сүрөттөөдө адаттагы көнүмүш ыкмалар, же болбосо баягыдай эпикалык салыштыруулар жана гиперболаштыруулар менен эмес, реалисттик боёктор менен иштеп, образдуу элестерди түзүүгө, бөлөкчө, өз алдынча тил менен ырдоого умтулат. Мисалы, «Таң калуу» деген ырын алалы. Бул ыр кызылчачы Зууракан Кайназаровага арналган. Акын бул ырында кызылчачы келиндин ар гектардан миң центнер рекорддук түшүм алганын айтып келип, чыгармасынын эң акыркы сабын бул адам «Кандай күлүп, кандай уктайт болду экен?» деп бүтүргөн. Караңызчы, А.Осмонов ушул суктанган, таңгалып, өзүнчө күбүрөнгөн суроосу менен эле Кайназаровага карата сый-урматын туйгузуп, анын баатырлыгын түз мактагандан да артыгыраак баамдатып койгон. Мынакей, демейдегидей барабан какпай башкача жазуунун мисалы.

Байкап турсак, Алыкул кээ бир акындардай сөзгө жорго экенин демонстрациялап короздонууну эмес, сүрөттөө предметинин маңызын ача турган көркөм инструментти издеп табууну биринчи планга коёт. Маселен, «Ракмандын илими» ырында акын кандай инструменттерди тапкан? Ушуну карап көрөлү. Адегенде ырдын өзүн толук окуп чыгалы:


Ракмандын илими

Ракман аке он бир жылы кой баккан,

Он бир жылы уйку даамын аз таткан…

Чоочун колго бир туягын алдырбай,

Короосунан чыгашаны азайткан.


Эгиз тууса эгиздигин жашырбай, 

Куулук кылып, бир дедирип жаздырбай,

Тармал экен, жакалыкка жакшы деп,

Жаман ойго, арамдыкка азгырбай.


Кара коюн алмаштырып ак кылбай,

Кымтып катып, чаташтырып таптырбай…

Жана башка шумдуктарга түк баспай, 

Малын сүйдү дал өзүнүн малындай.

Жүздөн, миңден тукумдатты бирөөнү, 

Арамы жок, ак ниеттүү жүрөгү. 

Ак ниеттик – бул дагы илим, бул да өнөр, 

Үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү. 

Талдап көрөлү. Чебердик деп айтарлык бул ырда кандай сыр бар? Алыкул бул ырын жазарда өзгөчө бир бийик жана кооз сөздөрдү, эффективдүү сөз айкалыштарын издөөнү көздөбөптүр. Элеттик койчу кандай жөнөкөй болсо, автор да өзүн ошондой жөпжөнөкөй тутуп, малчынын короосуна кирип, ошол Ракман сүйлөгөн айылдык жөнөкөй кеп-сөздөр менен эле поэтикалык аңгеме курууну чечкен. Автордун аңгемеси табигый сүйлөнүп, жасалмасы жок, чын пейилден чыккан интонация менен коштолгондуктан, поэтикалык речь окурманда толук ишенимди жаратып турат. «Уйку даамын аз таткан», «чыгашаны азайткан», «малын сүйдү дал өзүнүн малындай», «жүздөп, миңдеп тукумдатты» деген сөз боёктору жана эгиз козу, тармал козу жөнүндөгү штрихтер, жашырмайы, кымтымайы жок «арамы жок, ак ниеттүү жүрөк» тууралуу саптар Ракман койчунун ак жаркын мээнеттүү каарман адал эмгегин адеп-ахлагын, каарман рухун көз алдыга ачык элестетип берет. Аңгеменин жүрүшүндө Ракмандын образы ачылып, буга окурман ишенгенден кийин ырдын аягындагы «Ак ниеттик – бул дагы илим, бул да өнөр, үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү» деген мораль табигый, ишеничтүү насыйкат катары кабыл алынат. Мына ушинтип, замандашынын жетишкендиктерине жетине албаган үн менен жөнөкөй тиричилик лексикасын пайдалануу аркылуу чын ыкластан предметтүү, деталдуу аңгеме куруу ыкмасы чабандын кесиптик жана моралдык жүзүн шаңданган пафосу жок эле ачып берүүгө ыңгай түзүп, акынга көркөм ийгилик алып келген. Ыгын таап айкаштыра билсе, жөнөкөй эле кеп-сөздөр кубулуп поэтикалык синтаксизге айланып кетери ушул «Ракмандын илими» ыры ырастап турат. Алакандай төрт куплетке Ракмандын бүтүндөй турмуш-тагдыры сыйып калган. «Ракмандын илимин» өзүнчө бир миниатюрадагы поэтикалык повесть десек да болот. Ошентсе да айта кете турган нерсе, кеп болуп жаткан бул ырдын логикасы боюнча, бул поэтикалык чыгармадагы башкы нерсе каармандын түмөн түйшүктүү койчулук кесиби эмес, бул ырдагы башкы нерсе, ошол кесиптин ээси Ракмандын эл-жер деп соккон акниет таза жүрөгү, анын адеп-ахлак илими. Ырдын мазмундук чордону, философиясы, дал ушунда. Бүгүнкү биздин рынок экономикасына негизделген прагматикалык коомубузга дал ушул Ракмандын жүрөгү, адеп-ахлак илими, ыймандык наркы жетишпей турат. Демек, Алыкул Осмоновдун эмгек поэзиясы бүгүн бизге зарыл. Алыкул Осмоновдун «Кызылча казган келинчек», «Таңгалуу», «Каркыра», «Чөп чабык», «Күз», «Жүзүм айы», «Сугат маалы», «Эмгегиң», «Жибек кийген эрке кыз», «Саанчы жеңе», «Маржанкүл», «Маляр», «ФЗОдогу иниме», «Жумушчу» аттуу ырлары менен кездешүү өзүнчө эле бир рахат. Окуганда эстетикалык жактан канааттанып, өткөн кылымдын 40-жылдарында жазылса да, бул ыр дестелеринин күнү бүгүнкүдөй кулпуруп турганына таң бересиң. «Каркыра» ырынын каарманы да койчу. Бирок койчунун образы «Ракмандын илими» ырындагыга караганда башкача композиция, бөлөкчө көркөм аспаптар менен берилет. Акын асманда учкан каркыра менен сүйлөшкөн шарттуу ыкманы колдонот. Лирикалык каарман каркыранын канатында жазылган төрт сап ырдын багытын ээрчип, Каркыра жайлоосуна келет да, көйкөлгөн көк жайыкта тигилип турган чоң ак боз үйдү көрөт. Андан ары «Каркыра» ыры эки куплет менен уланып барып, мындайча аяктайт:

Кыргызда адамдык парз салам айтмак, 

Четки үйгө салам айтып кирип барсак, 

Төрүндө Бакыт, Байлык, койчу менен 

Каткырып кымыз ичип отурушат.


Кандай март, Бакыт, Байлык кандай элпек, 

Жаңы өмүр койнунда экен кайда десек. 

«Заманың мына ушундай таанып жүр»-

деп,

Асманда каркыра үнү карк-карк этет.

Бул жерде кең жайлоодогу чоң ак боз үй жөн гана боз үй эмес, кечээки «чокоюм буттан суурулуп, чор болду таман туурулуп, чой-чойлоп жүрүп өлөмбү, чокуда бир күн буулугуп» деп муңканган койчунунун бүгүнкү социалдык абалынын жана ак эмгеги менен кадыр-барк күткөн бакубат турмушунун символикасы катары туюндурулуп жатат. Ал эми «Төрүндө Бакыт, Байлык койчу менен, каткырып кымыз ичип отурушат» деген реалдуулук менен жомокту кучакташтырган фантазиялуу ажайып саптар поэзия деген керемет дүйнөдөн гана кездешиши мүмкүн го. Бул кайталангыс түрдө табылган, Бакытка, Байлыкка каткыртып кымыз ичирген аллегориялык, метонимиялык маанидеги поэтикалык курулма түз баяндаганга караганда койчунун жаңы замандагы бактысын, мартабасын жарык маанайын, атүгүл жаркын психологиясын окурманга эки эселеп даана жеткирип, акындын кылдат чеберчилигин айгинелеп турбайбы! Ырдан чакан сюжетти, анын пролог, эпилог, лирикалык чегинүү, пейзаж өңдүү элементтерин да көрөбүз. Ыр каркыра куш менен башталып, кайра ошол каркыра менен аяктайт. Ырдын кылдат курулган сюжеттик-композициялык түзүмү койчунун жаңы замандагы абалына байланышкан маанилүү социалдык мазмунду берүүгө жакшы сүрөө болгон.

Поэтикалык речтин таасирдүү жугумдуу болушу үчүн Алыкул Осмонов эмгек ырларында ар түркүн формаларды жана каражаттарды, амалдарды колдонот. Мисалы, «Кызылча казган келинчек» деген ырын диалог формасына салып жазса, «ФЗОдогу иниме» ыры үчүн кайрылуу формасын тандап алган. «Жүзүм айы» ырынын поэтикасы лирикалык каармандын монологиялык кебине негизделип курулса, атактуу «Маляр» чыгармасында каармандын образы автордук баян-мүнөздөмөлөр аркылуу ачылат. Эмгек ырларынын классикасы катары саналган «Жибек кийген эрке кыз» аттуу ырынын чордонунда контрасттык карама-каршы коюу ыкмасы пайдаланылган. Бул көркөм ыкманын шарапаты менен нөшөрлөп төккөн жамгыр учурунда күнүмдүгүн ойлогон эрке кыздын санаркоолору жана түбөлүгүн ойлогон дыйкан атанын акылмандыгы дааналанып, окурман курсант болуп, унутулгус таасирге кабылат. Алыкулдун айтылуу «Саанчы жеңе» ырын сүйүү лирикасына да, эмгек лирикасына да кошсо болот. Мынакей, ассонанс, аллитерация, ритмикалык ырааттуулук, музыкалуулук, бири-бирине бап келген уйкаштар, поэтикалык рефрен, чын жүрөктөн чыккан интонация десеңиз ушул ырда. Эпкиндүү эмгек, эргиген эмоция, арзыган ашыглык бири-бири менен жуурулушуп, ырдын таасирдүүлүгүн арттырып, көркөмдүк наркын көкөлөтүп таштаган. «Саанчы жеңе» А.Осмоновдун чеберчилиги өзүнүн бийик нокотуна чейин чыгып барган. «Саанчы жеңеде» 40-жылдардан бери журтубуздун көөдөнүндө жана көмөкөйүндө  

(«Өндүрүштүк теманы» өлбөс кылган талант) 

Райкан Шүкүрбеков кыргыз поэзиясында бир кезде орун алган (азыр да уланып жаткан) Ала-Тоо, Ата журт жөнүндөгү көнүмүшкө айланган куру чечендикке, жасалма жалынып-жалбарууларга, тавтологияга каршы чыгып, мындай кургак риторикага төмөндөгүчө пародия жазган:

«Көгүң сонун Ала-Тоо,

Чөбүң сонун Ала-Тоо,

Өзүң сонун Ала-Тоо,

Сөзүң сонун Ала-Тоо,

Элиң сонун Ала-Тоо,

Демиң сонун Ала-Тоо,

Карагайың жаркылдап,

Кайнар булак Ала-Тоо,

Ала-Ала-Ала-Тоо,

Тоо-Тоо-Тоо,

Оо-Оо-Оо...» 

30-жылдардын аягында, 40-жылдардын башында дүйнөлүк адабият менен чындап таанышып, анын кээ бир атактуу үлгүлөрүн кыргызчага которуп, белгилүү даражада классиканын мектебинен өткөндөн кийин Алыкул Осмонов поэзиянын кайсы жанрында болбосун адабияттагы өйдөкүгө окшогон тапталган жолдордон, ырдагы декларативдүүлүктөн, агитациялык чакырыктардан, түздөн-түз айтылган дидактикадан өзүн оолак кармап калган. 40-жылдардын башында акын жубайы Зейнеп Сооронбаевага «башкалардай жазууну каалабайм» деп бекеринен айткан эмес. Ушул сөз А.Осмоновдун эстетикалык аң-сезиминде терең өзгөрүү болуп өткөнүн астыртан күбөлөп турат. Ал эми 40-жылдардагы чыгармачылык практикасы акындын жазуу стилинин, ырдоо манерасынын, поэтикалык ойлоо образынын, дүйнө кабылдоосунун жаңырганын, индивидуалдашканын ачык көргөзүп турат. Алыкул Осмонов ыр, поэмаларында ойду түздөн-түз декларациялап айтуудан идеяны өтмө мааниде каймана туюндурган метаформалуу чагылтууга, образ, боёк, сүрөт менен иштөөгө («Түн суук, кыш ышкырат үйлөрдү ачып, ой-кырга дубана албас күмүш чачып», «Кечээ эле тиги кырда жок эле, кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?», «Неге сен алыс кеткен сапарыңдан, ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?» ж.б.), автордук баяндоодон каарманды психологиялык жактан мүнөздөөгө («Майдын түнү», «Жеңишбек» поэмаларындагы фронтовик Баян менен Миңбай атанын ички санаркоолору), пассивдүү пейсаждан активдүү пейзажга (жаратылыш картиналарынын кейипкердин жандүйнө абалы, маанайы менен үндөштүгү), уйкаштардын сырткы тыбыштык үндөштүгүнөн маанилик айкалышына, ассонанстардын, аллитерациялардын тышкы кооздугунан поэтикалык синтаксисттин эффективдүүлүгүнө, көпчүлүккө белгилүү көнүмүш ойлордон поэтикалык ой жүгүртүүнүн тереңдигине, таптык-саясый түз сызыктуу пафостон турмуш реалдуулугунун чындыктарын шөкөттөөгө, казыналык ой-пикирлердин официалдуулугунан жүрөктөн чыккан сырчыл интонацияга, бир сөз менен айтканда, чыгарманын мазмуну менен формасын шайкеш келтирүү искусствосуна карай секирик жасаган. Алыкул Осмоновдун 40-жылдары кыргыз поэзиясына алып келген новатордук жаңылыгы дал ушунда. Сүйүнбай Эралиев А.Осмоновдун жаш кыргыз адабиятында жасаган революциясы (!) деп дал ушул ийгиликти айтып жатат. 

Ыр токуу процессинде биринчи иретте поэтикалык образдуулукка багыттануу, демек, адабияттын өзүнүн түрдүк спецификасына ориентация жасоо, көркөм дөөлөт жаратууга умтулуу Алыкул Осмоновдун ичтен тутунган эстетикалык принциби болуп калган. Мунун өзү жаңыдан бутуна туруп жаткан адабиятта чыгармачылыктын субъектисинин эрте жетилгендигинин белгиси болчу. Алыкул Осмонов – бул совет бийлигинин маданий революциясынын шартында адабияттын тездетилген өнүгүшүнүн керемет көрүнүшү, ХХ кылымда Батыш, Чыгыш жана көчмөн цивилизациялардын маданияттарынын тогошкон жеринде жаралган феномен.

Алыкул эмгек темасында кыйлалаган ырларды жазган. 30-40-жылдарда боштондукка чыккан жумушчулар менен дыйкандардын социалисттик эмгегин даңазалоо жалпы эле совет адабиятында башкы тематикалык багыттардын бири болгон. Буга компартиянын өзү да чакырып турган, бирок жогоруда Райкан Шүкүрбеков бутага алган Ала-Тоо ырларындагыдай жугумсуз риторика, кызыл-тазыл фразеология, куру шаңданган салтанаттуу пафос, коммунисттик жаратмандык, түзүүчүлүк мээнетке үндөөлөр, чакырыктар эмгек темасындагы поэзияда да аз эмес эле. Маселен, 30-50-жылдарда «Беш жылдыкты төрт жылда» деген партиянын ураанына түздөнгөн: 

«5» деген компартия чийген тамга,

Ыр болуп жүрөгүнө ар бир жанга,

5 эмес, 4кө гана таамайлайлы,

Ат салыш, эмгек кылбай бириң калба. 


Же болбосо: 

Аттангыла, шайыр жаштар күрөшкө,

Комсомолдук сезим болсо жүрөктө!

Большевиктик түшүмгө деп берилген,

Колубузда ачык-айрым путевка!

Кана жаштар, кетмен, күрөк алгыла,

Кыктын баарын арабага салгыла.

Баарың тегиз,

Турбагыла жолдоштор -

Болгула эми,

Турбагыла, Болгула! («Жаштар») деген сыяктуу идеологиялык мазмундагы, чакырык, насыят мүнөзүндөгү эмгек ырлары газета-журналдарда, ыр жыйнактарында аябай мол жарыяланган. Эмгек ырларындарында өзүнчө бир көнүмүштөр, тапталган стереотиптер, штамптар пайда болгон. 

Алыкул Осмоновдун эмгек ырлары ушундай нуктагы поэзияга көркөм альтернатива сыяктуу. Ал өзүнүн эмгек жөнүндөгү ырларын социалдык заказдын талабы менен гана милдетттүүлүктөн улам жазган эмес. Алыкул эмгек ырларын жүрөгүнүн чакырыгы менен жазган. Акын эл аралап иш сапарга чыгып, колхозчулардын, жумушчулардын, чабандардын, кызылчачылардын, кенчилердин, жолчулардын, саанчылардын, чалгычылардын арасында болуп, турмуштун тамыр кагышын сезип, «жүрөк согушун» туюп турган.

Кечээки көчмөндөрдүн отурукташып, кыштакташып, колхоз курушуп, жаңы кесиптерди өздөштүрүшүп, жаңы цивилизацияга бет алышып, жасап жаткан жаратмандык жумуштары, эмгектери, аткарган күжүрмөн иштери акын тарабынан жайдары маанайда оптимисттик мүнөздө кабыл алынып, колхозчуларды, жумушчуларды Алыкул жандили менен жакшы көрүп, урматтап ырга салат. А.Осмонов коомдун кара түйшүгүн көтөргөн жөнөкөй эмгекчи адамдарды жашоонун түркүгү, атланттары деп түшүнүп, аларды «бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы, тазасы, асылы» деп санаган. «Акын атым болбосо, мен да кара жумушчу» деп өзүн алардын катарына коюп, булардын эмгегин «Мен жар салам канатымды каккылап» («Жумушчу»), «Уйчу, койчу, кетменчинин, менмин кымбат акыны» («Мен кыргыздын акыны») деп сыймактануу менен жазат. А.Осмоновдун эмгекчи адамдарга болгон акындык мамилеси өзүнүн терең гуманизми жана демократизми, чын ыкластуулугу менен айырмаланат. Бирок акын жөнөкөй жана кымбат кесиптин ээлерине болгон өзүнүн ысык мамилесин маркум агабыз, чыгаан адабиятчы Салижан Жигитов туура жазгандай, «дүңгүрөгөн салтанаттуу сөздөргө кайрылып кыйкырбайт, урмат-сыйын улам-улам ачык декларация кыла бербейт» (Кыргыз адабиятынын тарыхы. - Бишкек, 2012, 6-том, 439-бет). А.Осмонов эмгек адамдарын сүрөттөөдө адаттагы көнүмүш ыкмалар, же болбосо баягыдай эпикалык салыштыруулар жана гиперболаштыруулар менен эмес, реалисттик боёктор менен иштеп, образдуу элестерди түзүүгө, бөлөкчө, өз алдынча тил менен ырдоого умтулат. Мисалы, «Таң калуу» деген ырын алалы. Бул ыр кызылчачы Зууракан Кайназаровага арналган. Акын бул ырында кызылчачы келиндин ар гектардан миң центнер рекорддук түшүм алганын айтып келип, чыгармасынын эң акыркы сабын бул адам «Кандай күлүп, кандай уктайт болду экен?» деп бүтүргөн. Караңызчы, А.Осмонов ушул суктанган, таңгалып, өзүнчө күбүрөнгөн суроосу менен эле Кайназаровага карата сый-урматын туйгузуп, анын баатырлыгын түз мактагандан да артыгыраак баамдатып койгон. Мынакей, демейдегидей барабан какпай башкача жазуунун мисалы.

Байкап турсак, Алыкул кээ бир акындардай сөзгө жорго экенин демонстрациялап короздонууну эмес, сүрөттөө предметинин маңызын ача турган көркөм инструментти издеп табууну биринчи планга коёт. Маселен, «Ракмандын илими» ырында акын кандай инструменттерди тапкан? Ушуну карап көрөлү. Адегенде ырдын өзүн толук окуп чыгалы:


Ракмандын илими

Ракман аке он бир жылы кой баккан,

Он бир жылы уйку даамын аз таткан…

Чоочун колго бир туягын алдырбай,

Короосунан чыгашаны азайткан.


Эгиз тууса эгиздигин жашырбай, 

Куулук кылып, бир дедирип жаздырбай,

Тармал экен, жакалыкка жакшы деп,

Жаман ойго, арамдыкка азгырбай.


Кара коюн алмаштырып ак кылбай,

Кымтып катып, чаташтырып таптырбай…

Жана башка шумдуктарга түк баспай, 

Малын сүйдү дал өзүнүн малындай.

Жүздөн, миңден тукумдатты бирөөнү, 

Арамы жок, ак ниеттүү жүрөгү. 

Ак ниеттик – бул дагы илим, бул да өнөр, 

Үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү. 

Талдап көрөлү. Чебердик деп айтарлык бул ырда кандай сыр бар? Алыкул бул ырын жазарда өзгөчө бир бийик жана кооз сөздөрдү, эффективдүү сөз айкалыштарын издөөнү көздөбөптүр. Элеттик койчу кандай жөнөкөй болсо, автор да өзүн ошондой жөпжөнөкөй тутуп, малчынын короосуна кирип, ошол Ракман сүйлөгөн айылдык жөнөкөй кеп-сөздөр менен эле поэтикалык аңгеме курууну чечкен. Автордун аңгемеси табигый сүйлөнүп, жасалмасы жок, чын пейилден чыккан интонация менен коштолгондуктан, поэтикалык речь окурманда толук ишенимди жаратып турат. «Уйку даамын аз таткан», «чыгашаны азайткан», «малын сүйдү дал өзүнүн малындай», «жүздөп, миңдеп тукумдатты» деген сөз боёктору жана эгиз козу, тармал козу жөнүндөгү штрихтер, жашырмайы, кымтымайы жок «арамы жок, ак ниеттүү жүрөк» тууралуу саптар Ракман койчунун ак жаркын мээнеттүү каарман адал эмгегин адеп-ахлагын, каарман рухун көз алдыга ачык элестетип берет. Аңгеменин жүрүшүндө Ракмандын образы ачылып, буга окурман ишенгенден кийин ырдын аягындагы «Ак ниеттик – бул дагы илим, бул да өнөр, үйрөнгүлө баарың ушул өнөрдү» деген мораль табигый, ишеничтүү насыйкат катары кабыл алынат. Мына ушинтип, замандашынын жетишкендиктерине жетине албаган үн менен жөнөкөй тиричилик лексикасын пайдалануу аркылуу чын ыкластан предметтүү, деталдуу аңгеме куруу ыкмасы чабандын кесиптик жана моралдык жүзүн шаңданган пафосу жок эле ачып берүүгө ыңгай түзүп, акынга көркөм ийгилик алып келген. Ыгын таап айкаштыра билсе, жөнөкөй эле кеп-сөздөр кубулуп поэтикалык синтаксизге айланып кетери ушул «Ракмандын илими» ыры ырастап турат. Алакандай төрт куплетке Ракмандын бүтүндөй турмуш-тагдыры сыйып калган. «Ракмандын илимин» өзүнчө бир миниатюрадагы поэтикалык повесть десек да болот. Ошентсе да айта кете турган нерсе, кеп болуп жаткан бул ырдын логикасы боюнча, бул поэтикалык чыгармадагы башкы нерсе каармандын түмөн түйшүктүү койчулук кесиби эмес, бул ырдагы башкы нерсе, ошол кесиптин ээси Ракмандын эл-жер деп соккон акниет таза жүрөгү, анын адеп-ахлак илими. Ырдын мазмундук чордону, философиясы, дал ушунда. Бүгүнкү биздин рынок экономикасына негизделген прагматикалык коомубузга дал ушул Ракмандын жүрөгү, адеп-ахлак илими, ыймандык наркы жетишпей турат. Демек, Алыкул Осмоновдун эмгек поэзиясы бүгүн бизге зарыл. Алыкул Осмоновдун «Кызылча казган келинчек», «Таңгалуу», «Каркыра», «Чөп чабык», «Күз», «Жүзүм айы», «Сугат маалы», «Эмгегиң», «Жибек кийген эрке кыз», «Саанчы жеңе», «Маржанкүл», «Маляр», «ФЗОдогу иниме», «Жумушчу» аттуу ырлары менен кездешүү өзүнчө эле бир рахат. Окуганда эстетикалык жактан канааттанып, өткөн кылымдын 40-жылдарында жазылса да, бул ыр дестелеринин күнү бүгүнкүдөй кулпуруп турганына таң бересиң. «Каркыра» ырынын каарманы да койчу. Бирок койчунун образы «Ракмандын илими» ырындагыга караганда башкача композиция, бөлөкчө көркөм аспаптар менен берилет. Акын асманда учкан каркыра менен сүйлөшкөн шарттуу ыкманы колдонот. Лирикалык каарман каркыранын канатында жазылган төрт сап ырдын багытын ээрчип, Каркыра жайлоосуна келет да, көйкөлгөн көк жайыкта тигилип турган чоң ак боз үйдү көрөт. Андан ары «Каркыра» ыры эки куплет менен уланып барып, мындайча аяктайт:

Кыргызда адамдык парз салам айтмак, 

Четки үйгө салам айтып кирип барсак, 

Төрүндө Бакыт, Байлык, койчу менен 

Каткырып кымыз ичип отурушат.


Кандай март, Бакыт, Байлык кандай элпек, 

Жаңы өмүр койнунда экен кайда десек. 

«Заманың мына ушундай таанып жүр»-

деп,

Асманда каркыра үнү карк-карк этет.

Бул жерде кең жайлоодогу чоң ак боз үй жөн гана боз үй эмес, кечээки «чокоюм буттан суурулуп, чор болду таман туурулуп, чой-чойлоп жүрүп өлөмбү, чокуда бир күн буулугуп» деп муңканган койчунунун бүгүнкү социалдык абалынын жана ак эмгеги менен кадыр-барк күткөн бакубат турмушунун символикасы катары туюндурулуп жатат. Ал эми «Төрүндө Бакыт, Байлык койчу менен, каткырып кымыз ичип отурушат» деген реалдуулук менен жомокту кучакташтырган фантазиялуу ажайып саптар поэзия деген керемет дүйнөдөн гана кездешиши мүмкүн го. Бул кайталангыс түрдө табылган, Бакытка, Байлыкка каткыртып кымыз ичирген аллегориялык, метонимиялык маанидеги поэтикалык курулма түз баяндаганга караганда койчунун жаңы замандагы бактысын, мартабасын жарык маанайын, атүгүл жаркын психологиясын окурманга эки эселеп даана жеткирип, акындын кылдат чеберчилигин айгинелеп турбайбы! Ырдан чакан сюжетти, анын пролог, эпилог, лирикалык чегинүү, пейзаж өңдүү элементтерин да көрөбүз. Ыр каркыра куш менен башталып, кайра ошол каркыра менен аяктайт. Ырдын кылдат курулган сюжеттик-композициялык түзүмү койчунун жаңы замандагы абалына байланышкан маанилүү социалдык мазмунду берүүгө жакшы сүрөө болгон.

Поэтикалык речтин таасирдүү жугумдуу болушу үчүн Алыкул Осмонов эмгек ырларында ар түркүн формаларды жана каражаттарды, амалдарды колдонот. Мисалы, «Кызылча казган келинчек» деген ырын диалог формасына салып жазса, «ФЗОдогу иниме» ыры үчүн кайрылуу формасын тандап алган. «Жүзүм айы» ырынын поэтикасы лирикалык каармандын монологиялык кебине негизделип курулса, атактуу «Маляр» чыгармасында каармандын образы автордук баян-мүнөздөмөлөр аркылуу ачылат. Эмгек ырларынын классикасы катары саналган «Жибек кийген эрке кыз» аттуу ырынын чордонунда контрасттык карама-каршы коюу ыкмасы пайдаланылган. Бул көркөм ыкманын шарапаты менен нөшөрлөп төккөн жамгыр учурунда күнүмдүгүн ойлогон эрке кыздын санаркоолору жана түбөлүгүн ойлогон дыйкан атанын акылмандыгы дааналанып, окурман курсант болуп, унутулгус таасирге кабылат. Алыкулдун айтылуу «Саанчы жеңе» ырын сүйүү лирикасына да, эмгек лирикасына да кошсо болот. Мынакей, ассонанс, аллитерация, ритмикалык ырааттуулук, музыкалуулук, бири-бирине бап келген уйкаштар, поэтикалык рефрен, чын жүрөктөн чыккан интонация десеңиз ушул ырда. Эпкиндүү эмгек, эргиген эмоция, арзыган ашыглык бири-бири менен жуурулушуп, ырдын таасирдүүлүгүн арттырып, көркөмдүк наркын көкөлөтүп таштаган. «Саанчы жеңе» А.Осмоновдун чеберчилиги өзүнүн бийик нокотуна чейин чыгып барган. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер