Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Икрамдын кадры Кыянбек кызматын чанып, шайлоого аттанганы калдыбы?

Икрамдын кадры Кыянбек кызматын чанып, шайлоого аттанганы калдыбы?

22-январь, 01:40
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым облус жетекчилерин көрүп, алардын чабалдыгына жана пайдасыздыгына ынанасың. Андайлардын сап башында Кыянбек Сатыбалдиев турат! Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин кылган иштерине ээ болгусу келип эле бушайман болуп жүрөбү? Убагында шопур Икрам Илмияновго кошомат кылып жүрүп, бул кызматка секирик жасаганы жалганбы? Учурда ишмердиги аксап атса да, той-аштан калбай, шымаланып жүргөнү элди ирээнжитүүдө.  

Райондогу жумуштарды акимдер, шаардын түйшүгүн мэр мойнуна алса, Сатыбалдиев болсо бизнесмендердин мончосун ачкандай лента кесип, тирилигин кылып атканы белгилүү.

Самса сатып бутуна турган “кызыл кулак” соодагер Сатыбалдиев кытайлык инвесторлорго бут тосуп, көшөгө артынан акча кылып жүргөнү чынбы? Маалымат каражаттары жазгандай, “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчиси, жумушчулары облустук бийликке нааразы болуп чыгышкан. Алардын айтымында, облус жетекчиси ишкананын жумушуна тоскоолдук жаратканы талкууга алынган. Мамлекетибизге киреше алып келип аткан “Кыргызнефтегазды” губернатор колдогондун ордуна, тилекке каршы, тымызын көшөгө артынан оюн кылып, миң өзгөрүп, ал жердеги инвестор кытайларга элди тукуртканы ыраспы? Жергиликтүү ишканаларга, инвесторлорго шарт түзбөй, облусту өнүктүрүүнү ойлобой, өз көмөчүнө күл тартканы эмнеси? “Майлуу-Суу лампа заводу” ЖЧКсына “Кыргызтефтегазды” каршы коюп, ортодон интрига чыгаруу менен бир жактуулукка алдырганы эмнеден кабар берет? Чөнтөк кампайтуубу? Мына ушундай кептерге чекит коюла элек... 

Буга чейин деле Кыянбек Сатыбалдиевдин кыйраткан жумушу көрүнгөн эмес. Натыйжада, Жалал-Абадда жан багуунун мезгили бүтүп, эми парламенттик шайлоого аттанууга кызыкчылыгы ойгонуп, жандалбастай баштаганы кандай? Сыягы, саясатты самса менен салыштырып алса керек... 

Жапаркул Бекулиев

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер