Ташиевди Ош ОИИБ начальниги Бурканов өмүр бою алдайбы?


Башында баарыбыз чоң жыйында көргөнбүз. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катуу суроо койгон. “Жергиликтүү милициянын ичинде тартип болобу, пара албайбы?” деген мааниде. Ошондо Ош ОИИБи начальниги Нурланбек Бурканов сөз берген. “Пара албайбыз” деп балп эттиргени эсибизде. Азыр эмне болуп атат? Буга чейин бир канча кызматкерлери УКМК тарабынан кармалышты. Кечээ күнү болсо Ош ОИИБнин эки кызматкерин пара талап кылуу боюнча УКМК камакка алды. Мындай жорук өнөкөткө айланууда. Деги башаламандык качан токтойт? Милициянын Ош облусу боюнча башчысы жооп бериши керек да. Ар бир кадрды жетекчиси карайт эмеспи. Негизи Нурканбек Бурканов жалпы милициянын кадырын түшүрүп бүттү. Агасы Арзыбек Бурканов президенттин досу катары мактана берсе эле иниси корголушу керекпи? Катардагы кызматкерлер да дал ушул темада талкуулап жатышат. Кыскасы, ИИМ жетекчилиги, Нурбек Такабаевич да бул жактагы абалга жаны күйүп турса керек. Чечим кабыл алууга убакыт келди.











