Абдырахман Маматалиев: “Жергиликтүү кадрлар алсыз болсо, эч качан борбордук бийлик күчтөнө албайт”

-- Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Алтынбек Сулайманов “жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу реформалоого муктаж, бийликти децентрализациялоо керек” деди. Сиз бул пикирге кошуласызбы?
-- Албетте, бийликти борбордон алыстатып, жергиликтүү бийлик органдарынын укуктарын кеңейтүү (децентрализациялоо), өз алдынча башкаруу органдарынын толук кандуу иштешине шарт түзүү көп жылдардан бери айтылып келаткан көйгөй. 1996-1997-жылдары бул багытта реалдуу реформа жүрүп, Кыргызстан аймактагы эң алдыда келаткан өлкө катары белгилүү боло баштаган эле. Кийин бийлик алмашкан сайын борбордук бийлик баарын өзүнө ала берип, бүгүнкүдөй система түзүлүп калды. Аныгында, жергиликтүү кадрлар алсыздана берсе, эч качан борбордук бийлик күчтүү болбойт! Бул мамлеттик башкарууну, өз алдынча башкарууну да алсыратат. Бүгүнкү күндүн талабы: жергиликтүү бийликтин, анын ичинде өз алдынча башкаруу органдарынын эффективдүү иштешине шарт түзүү, аларга жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө зарыл ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен бирге, алардын жоопкерчилигин көтөрүү. Ошондо гана аймактардын өнүгүүсү алга жылат.
-- Анда аймактардын өнүкпөй жатканынын жалгыз эле себеби ушулбу?
-- Башка себептери да көп. Бирок, негизги себептеринин бири: аймактын өнүгүүсүнө түздөн-түз жоопкер органдын алсыздыгы.
"Азия Ньюс" гезити