Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Жунушалиев кетип, ордуна генерал Суваналиев келеби?

Министр Жунушалиев кетип, ордуна генерал Суваналиев келеби?

04-декабрь, 00:07
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Топ генералдан сергектиги, профессионалдуулугу менен айырмаланган Өмүрбек Суваналиевдин Коопкеңешине орун басар болуп барганына жаңы жылдан кийин бир жыл толот. Жакшы эле сыноодон өттү окшойт. Эң башкысы, бир команда болуу маселеси жагынан алганда...

Ал эми иш жүзүндө “Комиссар Каттани” ИИМде, КГБда бир топ жылдар эмгектенгенин, жасаган эрдиктери легендага айланганын жазып отурсак, сөз көбөйүп кетет. Аныгында, каарманыбыз депутат, министр, губернаторлук кызматтарды аркалаганы, тажрыйбасы жетиштүү экени талашсыз. 

Учурда ИИМ системасы ичтен “иригени”, кызматкерлер коррупцияга айыпталуу менен кармалып атышканы, ОПГга каршы күрөшүү жыйынтык бербей калганы, кылмыштуулук өскөнү, айтор, коомдук коопсуздук абал коркунучка кептелгени ырас. Мындай шартта министр Кашкар Жунушалиевди тезинен отставкага кетирип, ордуна Өмүрбек Суваналиевдин дайындалуусу мезгилдин талабы катары бааланат. Алдыда милиция аткара турган түйшүктөр арбын. Жаз алды менен митингдер башталары, андан кийин парламенттик шайлоонун түйшүгү да оңой эмес. Саясый сезонду ачкан жыл келатканда эл ичинде кадыр-баркы жогору, таза, талапты катуу койгон генерал Суваналиевдин министр болушу баардык жагынан төп келишмек. Эң башкысы, мамлекет жана президент утмак. “Жандооч кийик аттырат” демекчи, командада профессионалдар, элге жакын кадрлар болсо иш илгерилеп, алдыга карай өсүү болот. 

Чындыгында эле ИИМдин өздүк курамы жаңыланууну, өзгөрүүнү күтүп атканы жашыруун эмес. Реформа болушу шарт. Анүчүн министрди баш, орун басарларын төш кылуу менен баарын алмаштыруу зарыл. Эмесе, көпчүлүк каалагандай эле биз дагы министрлик орундан генерал Суваналиевди көргүбүз келет...

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер