Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев кыйын кырдаалда “ойт” берип кетпейби?

Марлен Маматалиев кыйын кырдаалда “ойт” берип кетпейби?

12-февраль, 21:55
1 124 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Ошентип, Марлен Маматалиев парламент төрагасына шайланды. Бул кадр Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда кызматка, бизнеске да аралашып, Өмүрбек Бабановдун командасында иштеп, Сокенин учурунда мандат алып, 2020-жылы Райымбек Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен шайлоого аттанып, элге таанылганы эсибизде. Анан Октябрь төңкөрүшүнөн кийин эки доско ыктап, 2021-жылы “Ынтымак” партиясын жетектеп, парламентке өтүп келген. Андан бери бийликчил депутат катары ордун таап, амалкөйлүгү аркылуу Садыр Жапаровго жакындап алды. Жыйынтыгында, Жогорку Кеңештин төрүнө жетип отурат. Калыс караганда Марлен Маматалиевдин билими, тажрыйбасы жетиштүү, өз милдетин аткарып кетеринен шек санабайбыз. Бирок ал саясатта күч каякта болсо, ошол жакка ыктап, жеке карьерасын жасоонун кыныгын алганы жашыруун эмес. Ток этерине келсек, Марлен мырза президенттин туруктуу командасы болуп бере алабы? Бу таризде так кесе айта албайбыз. Кыйын кырдаалда “ойт” берсечи? Оомал-төкмөл заманаң ушундай тура. Эртең бийликке башка бирөө келсе, анын да арыгын чаап кетсечи? Өзгөчө саясатчылар сымаптай кылтылдап турган убакта ишенүү кыйын го...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер