Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Олжобай Шакирдин поэзия кечесинен кийин бир нерсени күтүп аттың эле...

Олжобай Шакирдин поэзия кечесинен кийин бир нерсени күтүп аттың эле...

23-май, 13:15
707 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Режиссер кыз Мээрим Догдурбекова өзүнө-өзү кат жолдогон)

Келечекке кат!
 Мэка, сен бул катты окуйсуңбу же окубайсыңбы билбейм, эртең эмне болорумду Кудайым өзү билет. Бирок жакшыга ниет кылып, өзүңө кат жазып отурам.

Кандайсың? Чыныңды айт, башкаларга “жакшы” дей бергениң менен мен баарын сезип, билип турам. Азыр сен күндөлүктөрүңдү алып чыгып, кылган иштериңе бир саресеп салып көр. Ыразысыңбы? 25 жашыңда алдыга койгон максаттарыңдын канча пайызын аткарып жетиштиң? Алгач ушул суроолорго жооп бер.
Ата-энең сени жакшы көрөт, аларды таарынтпай жүрөсүңбү? Билесиңби, алар сен үчүн, сенин келечегиң үчүн баарын кылышкан? Эми сен алардын келечегине кам көрүп жатканыңдан күмөнүм жок. Алардын бактылуу карылыгы сенин да бактың же тескерисинче азыр сен бактылуу болсоң алар да бактылуу. Апаңчы, ал сакайып, канчанчы небересин багышты болду экен? А атаң, ал сени менен кандай сыймыктанат! Анын да дени сактыр. Сен эң сонун адамдардын кызысың, ошону унутпа!
 Жактырган адамың бар эле, ал да сени жактырчу
. Сен ага татыктуу жар, анын балдарына мээримдүү эне болууга тилек кылчусуң. Бүгүн экөөңөр өзүңөр каалагандай, билимдүү балдарды тарбиялап жатасыңар. Силер чогуу саякаттап каякка гана барбадыңар? Сен эңсеген Венециядан баштап, Африкадагы балдарга чейин жолугуп келдиңер. Азыр эми чоң үй-бүлө болуп, ата-энелериңер менен жөн гана жайлоого чыгып, эс алып келели деп жатасыңар. Албетте, экөөңө тең жеңил болгон жок. Бирок татыктуу жашоо үчүн күрөшүп келатасыңар. Талыккан жоксуңар.
 Сен өзүң эңсеген кесиптин ээси болдуң. Эң башкысы
, чыгармачылык менен үй-бүлөңдү бири-бирине аралаштырбай параллелдүү алып келе жатасың. Сенин колуңан көп нерсе келерин анда түшүнчү эмессиң. Бирок мээнетиң менен баарына жетиштиң. Азаматсың!
Сен каалабаган ишти мойнуңан сүйрөсө да аткарбаган кыз болчусуң. Жалкооң кармаса камырап да койбой жатып алмай адатың бар эле. Кээ бир ойго албай койчу майда-чүйдөлөр үчүн жүрөгүңдү оорутуп, Асан Кайгыча болбогон нерсеге кайгырып жүргөн күндөрүң да аз эмес эле. Азыр ушул нерселер өзгөрдүбү?
 Бул катты жазган күн акын Олжобай Шакирдин поэзия кечесине бар
ган кезден кийин эле. Билем, сен ал кечени унутпайсың. Ошол учурда ичиң уйгу-туйгу болуп, сени бир нерсе күтүп тургандай сезим бар болчу. Өзүңдү алсыз, колуңан эч нерсе келбеген, адашып жүргөн бирөөдөй сезип жаткансың. Көңүлүң ооруп, купулуңа эч нерсе толбой жаткан учур эле. “Азыр андай эмес, баары сонун!” дечи?!

25 жаштагы өзүң.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер