Акыркы кабарлар
» Саясат » Байлыгы шектүү Чолпон Султанбекова апакай эмес да
Байлыгы шектүү Чолпон Султанбекова апакай эмес да
28-апрель, 17:00

Убагында рекетчиликтин күчү менен базарга, дээрлик байлыктарга жеткендер арбын. Андайлардын айрымдары “кусушту”, процесс дагы уланууда. Качкандары чет өлкөдө чардап жүрүшөт. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын Кара-Суудагы базары, мал-мүлктөрү кайдан келгенин билесиңер да, туурабы? Чечмелөөнүн деле кажети жок. Эмнеге бул аял эбегейсиз байлыгынын отчётун бербейт? Бийлик баарына тегиз караш керек да. Айрымдары көкөлөп бизнестерин улантышууда, көпчүлүгү бир сыйра камалып чыгышты. Негизи көпөстөргө бирдей мамиле жасалышы шарт. Чолпон Султанбекова апакай эмес да. Буга кезек качан келет? Же көшөгө артынан жайгарып жатабы? Түшүнүксүз.
"Азия Ньюс" гезити