Токтоналиевден башка кадр болгондо, Зулушевдин да башы оорумак эмес

Мурдагы жылы башкы прокуратура Октябрь РИИБнин кызматкерлерине 25 кылмыш ишин козгоп, бирок аягына чыккан эмес. Кайра ИИМге өткөрүп берип салган. Өзөгү эмне дейсизби? Милициялар кылмыш иштерин фальсификациялоого барышканы боюнча эле. Агездеги чуулгандын учугу Улан Султановго такалса, байдын баласы көз жазгырып кеткенби?
Жакында башкы прокуратура Бишкек ШИИБнин кызматкерлерине байланыштуу сенсациялуу билдирүү жасаган. Көнгөн адаттай эле өздүк курамдагылар жалган арыздарды пайдалануу, адам укуктарын каалагандай калчоо, будамайлоого барышып, натыйжада, 77 кылмыш иши козголду. Мындай шартта Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиев тийешелүү жетекчилери менен кызматтан кетиши керек эле. Бирок “мурдун балта кеспей” отурат. Бизге жеткен маалыматка караганда, Токтоналиев жогорку “крышаларына” таянып, Курманкул Зулушевге киши салуу менен береги 77 кылмыш ишин жаптыруунун амалын көрүп атканы кандай? Мурда 25 чуулгандуу ишке башкы прокуратура көз жумду мамиле кылыптыр. Эмичи? Өздөрү дүңгүрөтө козгоп алышып, кайра артка кете беришеби? Анда системанын баркы кетпейби?
Азамат Токтоналиев ИИМдин таасирдүү чоңдору менен акылдашып, Курманкул Зулушевге “куда түшүүнү” ойлошуп, оттон күйбөй чыгуунун амалын издеп жатышканы каңкууланды. Тилин таап, “акелеп”, Бишкек ШИИБнин абийирин жабууну көздөшүүдө. Ток этерине келсек, эгерде Азамат Токтоналиевден башка таза кадр болгондо, жогорудагыдай көйгөй жаралмак эмес, ырааттуулук орун алып, өздүк курам да балчыктан жогору турмак...
"Азия Ньюс" гезити