Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков: “Автобустарды алып келип, анан тарифти көтөрсөк, эл макул болот да”

Мавлян Аскарбеков: “Автобустарды алып келип, анан тарифти көтөрсөк, эл макул болот да”

14-февраль, 12:40
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Биринчи Май райондук администрация башчысынын орун басары менен маек...

-- Мавлян мырза, жол кирени 20 сомго көтөрүү керектигин айтып чыктыңыз. 2012-жылы мэрия тарифти кымбаттатканы үчүн митингге чыкканыңызды жазып атышат. Пикириңиздин өзгөргөнү ээлеп турган кызматыңызга байланыштуу эмеспи? 

-- Ооба, мен 2012-жылы мэрия мыйзамсыз тарифти көтөргөнү үчүн митингге чыгып, пресс-конференция бергем. Мен анда “тарифти негиздүү көтөргүлө, жөндөн-жөн көтөрө бербегиле” дегем. Негиздүү дегеним кандай? Биринчи элге түшүндүрүп, чоң-чоң, кенен, жылыткыч, муздаткычы, отургучтары бар автобустарды алып келип, элге шарт түзүп берип, анан тарифти көтөрүү талабын койгом. Интернетте азыр да жүрөт, “наших горожан возят скотоводски” деп жазгам. Азыркы маршруткалардын баары Европада жүк ташыган унаалар. Аларды алып келип, Токмоктон отургучтарды жасап, эл ташып жүрүшөт. Негизи, эл ташыганга болбойт бул бустар менен. Менин пикирим өзгөргөн жок, бүгүн да 2012-жылы айткан оюмду айтып атам. Кошумча сунуш иретинде, “500 автобус алып келип туруп, маршруттук таксилерди акырындан азайтып, бааны көтөрө бергиле, эл унчукпайт, макул болот” деп жатам. Бул оюмду кыларга иши жоктор комментарий жазып, буруп, тескери пикир жаратканга аракет кылып атышат. Мен алардан коркпойм. Анткени, мен туура ой айтуудамын.

-- Жаңы конуштарга автобус турмак, маршруттук таксилер жетишпейт экен. Бул боюнча да сунуш айттыңызбы?

-- Албетте, жаңы конуштарга, айрыкча Мурас-Ордо жаңы конушу шаардан абдан алыс жайгашкан. Ал жактын жашоочулары кечкисин кете албай, жолдон-белден өткөн унааларды тосуп, 20-30 сом төлөп, эптеп үйлөрүнө жетишет. Күнүгө тургундар келишет, “бизге маршрут киргизип бергиле” деп суранышып. Маршрут киргизейин десең, алар ал жакка барбайт, 10 сом алып, эл ташыган аларга пайдасыз. Маршруттун майын да актабайт. Жөн эле сүйлөй бербей, аң-сезимге салыш керек да.

-- Элди толук кандуу камсыздоого канча автобус керек?

-- Биздин 1,5 млн. калктуу шаарыбызга кеминде 800-1000 автобус керек. Бирок, ошону алып келиш үчүн бюджетте акча жок. Мен дагы айтып атам, “заводдорго барып сүйлөшүп, карыздап, 200-300 автобус алып келип, элге “эми муну төлөшүбүз керек, жол кире 15-20 сомдон кылалы” десек, элден түшкөнгө дагы 300дү алып келсек, эл да кыйналбайт. Алматыдагыдай болуп автобус жүрүп, адамча жашап калабыз го. Логика, адекваттуулук болуш керек да.  


Динар Турдугулова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер